Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

МАМЛЕКЕТ «МАМАЙДЫН КӨРҮНӨ» АЙЛАНДЫБЫ?


Өткөн жылдын 26-майында чегара аскер кызматынын катардагы жоокери Азамат Кадыркулов менен Орусиянын Курган чегара аскер институтунун курсанты Райымбек Акунов Токмок аймагынын чегара күзөтүндө кызмат өтөп жатышкан. Анан эле чаламандын чак түшүндө, бет маңдай турган казак чегарачыларынын көзүнчө жулунган казак жараны кыргыз чегарасын бузуп өтүүгө аракет кылып, чегарачылардын аракеттерин каакы ордуна көрбөй, албууттанып, сөгүнүп, жоокерлердин автоматына асылып… Айласы кеткен жоокерлердин бири аскер уставына ылайык ок чыгарууга аргасыз болуп… Мына ошол октон улам каза тапкан казак жаранына байланыштуу жакында кыргыз чегарачыларынын үстүнөн сот болуп, сот кыргыз жоокерлерин күнөөлүү деп таап, курсант Р.Акуновду 4 жылга, катардагы А.Кадыркуловду 2 жылга кесип жиберди.

Кайсыл күнөөсү үчүн? Мына ушул суроо менен «Дело №…» гезити Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.Ниязовго кайрылганда, эми аны бул окуядан мурда жоокерлер менен офицерлер арасында эмне деген ой пайда болгону катуу тынчсыздандырып жатканын, ар бир аскер кызматындагы адамда, эртең кокус бир нерсе болсо артымда мени коргоп ала турган мамлекетим бар деген ишеним болушу керектигин… Тилекке каршы эң башкы кесепет- азыр иш билген адамдардын ордун жердешчилик, тууганчылык менен алмаштыруу оорусу армияда гана эмес өлкөнүн бардык тармактарында системага айланып баратканы… ал акыр түбү жакшылыкка алып барбастыгын айтат. Юстиция полковниги, чегара кызматкери Р.Асанакунов, жакында эле тажик чегарачыларынын Баткендин губернаторун тосуп алып, келекелеп, мылтык кезегенин, ыза кылганын мисалга тартып, бирок териштиргенге келгенде ырасмий Тажикстан туура эмес экендиктерине карабастан өз жоокерлеринин чектен чыккан жоруктарын «эң туура кылган» деп коргоп чыкканын, а биз болсок өз балдарыбызды түрмөгө кесип ийип олтуруп калганыбызга кейийт. ЖК төрагасынын орунбасары К.Исабековдун пикиринде чегарачылар мыйзам жана аскердик устав боюнча гана аракеттенген, аларды соттоп жибериштин ордуна кайра сылаш керек болчу десе, аскер энелеринин коомдук бирикмесинин төрайымы Г.Афонина, эгер чак түштө эл көзүнчө ушинтип, кыргыз жараны казак чегарачыларын барып жулмалап, куралын талаша турган болсо, атып салмак тургай, көргүлүгүн көр кылышмак, ошондо да казактар өз жоокерлерин эч качан соттоп жибермек эмес дейт. Көз карандысыз аскер байкоочу Леонид Бондарец, болгондо да Орусиянын сыналган чегара аскер окуу жайында окуп аткан, эң мыкты окуган, бир аз күндөн кийин президент Путиндин стипендианты болот деп турган курсанттын, келечектеги мыкты аскер кызматынын тагыдырына балта чабылганын, эми мындан ары жалгыз эле чегара кызматы эмес Кыргызстандын бардык күч органдарында бир жаман адат пайда болорун, ал жаман адат аскерге барам деп турган ар бир жаш адамдын көкүрөгүн өйүп турарын, анткени, эртең мамлекетти коргойм деп атып бирдеме болуп кетсе, артымда мени коргоп кала турган мамлекет болбойт турбайбы деген ой туруп калганын, баарынан эң опурталдуусу ушул экенин айтып жооп берген.


«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити, жакын арада Бишкекке дагы бир район кошуларын, ал жалаң шаар тегерегиндеги жаңы конуштардан турарын, Буга президент К.Бакиев да макул болуп, акыркы чечим шаар бийлигинде гана калганын, азыркы учурда мындай айылдардын саны 43 кө жеткенин, аларда бардыгы болуп 250 миңге жакын адам жашап турарын кабарлады. Ушул эле гезит КР өнөржай жана отун ресурстар министри И.Чудиновдун айткандарына таянуу менен 2009-жылга чейин бир киловатт электр энергиясынын басы 89 тыйынга дейре кымбаттарын жазды.


«Энесай» гезити айрым депутаттар менен чоң кызматтагы атка минерлердин канча айлык аларын санап чыкты. Маселен Кыргызстандын эң бай деген адамдарынын бири Данияр Үсөнов 2005-жылы 1 миллион 27 миң 982 сом айлык алган, мындан тышкары кошумча булактардан 2 миллион 679 миң сом киреше тапкан. Ал эми Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, негизги жумуш ордунан 370 миң 165 миң сом, кошумча булактардан 30 миң 800 сом алган. Бирок Чолпон айым эмнегедир кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү бар экени жөнүндө маалымат берген эмес. Депутаттардын 2005-жылдангы көрсөткүчтөрү боюнча эң байы Арсланбек Малиев болду деп жазаат гезит, анын жылдык айлыгы 150 миң гана сом болгону менен 13 миллион сом кошумча киреше тапкан. Мындан тышкары 16 миллион 740 миң сомдук кыймылсыз жана 1 миллион 677 миң сомдук кыймылдуу мүлктүн ээси.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG