Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

А.БЕКНАЗАРОВ: ӨЛКӨДӨГҮ ООР АБАЛ ҮЧҮН ТАНДЕМ КҮНӨӨЛҮҮ


"Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын теңтөрагасы Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында партиянын кыргыз элине кайрылуусун жарыялады. Кайрылууда ХИПИК программасы, жаңы кыймылдар, саясий партиялар, Бакиев-Кулов тандеми, жаңы Конституция тууралуу партиянын көз карашы чагылдырылган. Бекназаров Аксы окуясы боюнча азыркы бийлик адилет чечим чыгарбастыгын белгиледи. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеевдин айтымында, Аксы окуясын саясатташтыруунун кажети жок, анткени ага тиешеси бар адамдар жоопко тартылып, кылмыш иши жабылган.

Азимбек Бекназаров коомчулукта кийинки мезгилде көп айтылып жүргөн 24-март мамлекеттик төңкөрүш эместигин, аны элдик ыңкылап деп атоого толук негиздер бар экендигин белгиледи. Ал «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын кайрылуусун жарыя кылды. Анда өкмөттүн ХИПИК программасына кирбей туруп карыздарды төлөө чечимин колдоо, Эл аралык каржы уюмдары өздөрүнүн кызматкерлерине төлөгөн каражаттарды, Акаевдин жакындары пайдаланган акчаларды төлөтүү керек деп айтылган.

А. Бекназаров ошондой эле «Асаба» партиясы Феликс Кулов түзгөн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун жана башка саясий партиялардын, президенттик шайлоону чукул өткөрүү жөнүндөгү демилге-талаптарын колдобой турганын билдирди. Бирок, «Реформа үчүн» кыймылы өткөн жылы койгон талаптарынан кайтпайт. Эгер кыймылдын талаптары аткарылбаса президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү, 30-декабрда кабыл алынган Баш мыйзамды жокко чыгаруу боюнча Конституциялык сот аркылуу аракеттерин уланта беришмекчи.

«Асабанын» кайрылуусунда Бакиев-Кулов тандеми юридикалык күчү жок экендиги, өлкөдөгү оор кырдаалга экөөнүн тең эл алдында жоопкерчилиги баса белгиленген.

-Үйбүлөлүк башкаруу уланып, Конституциялык реформа жүргүзүлбөй жатканына, Акаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрүнүн кайра бөлүнүшүнө, коррупциянын гүлдөшүнө, «Жерүй» менен «Кристаллдын» жең ичинен кетип жатканына, ушулардын бардыгына ошол тандем күнөөлү.

Бекназаров белгилегендей, Кулов премьер-министр болуп турганда бийликтин кетирип жаткан каталарын ачыкка чыгарбай, президенттин кемчиликтерин көзүнө айтууга кудурети жеткен эмес.

«Ар намыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев болсо Азимбек Бекназаровдун маалымат жыйынында Феликс Куловдун дарегине айткан сын-пикирлери негизсиз экендигин айтты.

Азимбек Бекназаров Аксы окуясына ошол убакта Бакиев жетектеген өкмөт туура эмес чечим чыгарып, элдин коопсуздугу үчүн тиешелүү чара көрбөгөнүн эскере кетти.

-Аксыга миңдеген десанттар кимдин чечими менен барды? Өкмөттүн токтому менен Транспорт министрлиги унаа менен Каржы министрлиги каржы менен камсыз кылсын. Ал эми Ички иштер министрлиги, күч структуралары десанттарды алып барсын деген чечимди өкмөт кабыл алган. Жалгыз Темирбек Акматалиевдин ага күчү жетпейт болчу.

Бекназаров 17-мартта Аксы окуясынын беш жылдыгы Боспиекте белгиленгенде президент Курманбек Бакиевди дагы кошо барып, эл алдында Аксы окуясы боюнча отчет берүүсүн сунуштаганын маалымдады.

Бирок ал азыркы бийлик адилет чечим чыгарбастыгын, жыйынга башкы прокурор Камбаралы Конгантиев барып калса, Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин таптакыр жаап койбоону, аны убактылуу токтотууну өтүнүп жыйында чечим кабыл алышарын билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев Аксы окуясын саясатташтыруунун кажети жоктугун, ага тиешеси бар ошол кездеги жетекчилер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдын чегинде жоопко тартылышкандыгын белгиледи.

-Коомчулукта элдин көз карашы боюнча, кандайдыр бул маселени ырбатып, “карттанып келаткан нерсенин кайра картын сыйырып” аткандай сезилип атат.

Токтогул Какчекеев Аксы окуясы боюнча тергеп-иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев жакында парламентте толук маалымат берерин белгилеп кетти.

XS
SM
MD
LG