Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

АЯЛ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ИШИ УЛАМ КЫЙЫНДАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" деп аталган уюм Аялдардын эл аралык күнү алдында атайын билдирүү таратып, аял-журналисттерге каршы дүйнө жүзүндөгү мамиле катаалданып баратканы тууралуу жарыялады.

Уюмдун аял-журналисттерге арналган атайын отчету 6-март күнү жарыяланды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөдө 2006-жылы өлтүрүлгөн 82 журналисттин тогузу, же 11 пайызы, аял болгон, 2005-жылы өлгөн журналисттердин 13 пайызы аял болчу. Тарыхта мурда мынчалык көп аял-журналист өз милдетин аткарып жүргөндө курман болгон эмес.

Андан тышкары, азыр ар башка мамлекеттерде жети аял-журналист абакта отурат, алардын бири - Өзбекстандагы Умида Ниязова, калган алтоо - Ирак, Руанда, Шри Ланка, Эритрея жана Эфиопияда. Руандада 1996-жылы камакка алынган Татьяна Мукакибибиге эмгиче расми күнөө коюлган жок жана сот баштала элек. Иракка каршы 2003-жылы согуш башталгандан бери өлкөдө алты аял-журналист барымтага алынган, алардын экөө өлтүрүлгөн, дагы бирөөнүн дайны эмгиче белгисиз.

Бирок согуш жүрбөгөн Орусия же Түркмөнстан менен Өзбекстанда дагы журналисттердин иши өтө татаал. Былтыр октябрда Маскөөдө өз үйүнүн алдында Анна Политковская атып өлтүрүлдү, жайында Түркмөнстанда камакка алынган "Азаттыктын" кабарчысы Огулсапар Мурадованын өлүгүн болсо бийлик сентябрда туугандарына чыгарып берди, бирок ал эмнеден өлгөнү белгисиз.

Түркмөнстандын Хелсинки фондунун жетекчиси Тажыгүл Бегмедованын айтымында, ал түркмөн элинин эркиндиги үчүн күрөшүп каза тапты: "Ал биз үчүн, бүткүл Түркмөнстандын эли үчүн эч нерседен коркпостон чындыкты айткан, бүткүл түркмөн коому анткенге эмгиче даай албайт. Адам укуктарын коргоого киришкенде жана сөз эркиндиги үчүн тайманбастан күрөшө баштап, журналистикага аралашкандан кийин анын иши - Түркмөнстандагы абалды өзгөртүп, жарандык коомдун аракеттерин кеңейтүү үчүн өз эрки менен жасалган кадам болчу", - дейт Бегмедова.

"Чек арасыз репортерлор" уюмунун өкүлү Жан Франсуа Жүярдын айтымында болсо, акыркы жылдарда коомдогу теңсиздик тууралуу чындык таратууга улам көп аял-журналист катышууда, ошондуктан алардын өмүрү коркунучка дуушар болуп жатат: "Өзүнүн кесиптик милдетин аткарып, чындык айткан улам көп аял өз өмүрүн коркунучка дуушар кылууда, алар изилдөө журналистикасына улам көп катышууда жана ал көп адамга жакпайт", - дейт Жүяр.

Өзгөчө кыйын абал Иран, Ирак, Ливан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө түзүлгөн. Ага карабастан, аял-журналисттер дүйнөнүн ар башка мамлекетинде чындык үчүн күрөшүн улантып, сөз эркиндигинин тарашы үчүн салым кошууда. "Чек арасыз репортерлор" андай журналисттердин арасында Тунистеги Сихем Бенседринди, Түркмөнстандагы Тажыгүл Бегмедованы, Казакстандагы Розлана Таукинаны, Беларустагы Жанна Литвинаны жана Йорданиядагы Саида Киланини атайт.
XS
SM
MD
LG