Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:45

КӨҢҮЛ, СҮЙҮҮ, ГҮЛ


Социализм заманынан калганы менен 8-март майрамы ар качан жаамы журт жадырап тосуп алчу майрамдардын бири. Бу жарыкчылыкка көрк, шаң, көтөрүңкү дем берген ак жоолукчандарга байчечекей бажырая ачылып, табият жаз демине көшүлүп турган чакта жалпы элдик урмат-сый тартууланып, жылдын бир күнү аялдарга арналат. Жакын адамдарына ким кандай белек тартуулайт? Кыз-келиндердин көбү белектин эң мыктысы жайдары мамиле, көтөрүңк көңүл деп эсептейт.

Ак жоолукчандарга арналган жаз майрамы акыйкатта да ачык, жайдары маанай менен коштолууда. Ачык тийген күн эрте жаз каптап өткөн кыштын суугун жибитип, табият мээрин төгүп, өзгөчө маанай тартуулап турат. Аялдардын көңүл кушун көтөргөн баалуу белек, албетте, аларга көрсөтүлгөн сый-урмат, көтөрүлгөн көңүл. Ал эми тартуу кылчу белектердин эң башында бажырая ачылган гүл коюлган. Биз менен Бишкектин соода жайларында белек издеп жүргөн, белек күткөндөрдүн дээрлик баары белектердин эң башында гүлдү аташты. Аларды чогуу угалы:

- Атым Назира. Мага белектин айрымасы жок, бардыгын каалай берем. Бул аялдардын эң жакшы майрамы деп эсептейм.

-Майрамда эмнени күтөсүз?

- Албетте белектерди да. Мага гүл, анан жумшак оюнчуктар жагат.

- А сизчи?

- Мен эң биринчи гүлдү жакшы көрөм, апакай роза гүлүн жактырам.

- Роза гүлү жазында гүлдөбөйт го.

- Кытайдын гүлү болсо деле жарай берет.

- 8-мартта эмне кыласыз?

- Мен дагы кызыл гүлдү алганды, белекке жумшак оюнчук алганды жакшы көрөм.

- Кандай каалоо айткың келет?

- Кыз-келиндердин ден соолугу чың болуп, тынччылыкта жашашын каалайм.

- 8-марткабы? Азырынча сүйгөн кызым жок. Бирок карындашыма белек алып койгомун. Анын аты Айгерим. «Дав» фирмасынын атыр-упасынан алып койгом, ошону берем. Кыргызстандагы апаларды, эже-карындаштарды – бардыгын 8-март майрамы менен куттуктап кетем.

- 8-мартта биринчи ирет алган белегиңизди эстей аласызбы?

- Эми анын баарын эстеп айтыш кыйын го. Жолдошум болсо белегин эрте эле берип койду. Алтындан белек жасады. Балдар-кыздарым Кудай буюрса, эртең келишет. Неберемин улуусу он төрттө. Эми 8-март аялдар күнү. Ушул майрам кут болсун! Элге тынчтык берсин! Ден соолукта бололу. Заманыбыз жакшы болсун! Жаштарга иш болсун, чоңдор жаштарга иш берсин!

- Чоң белек – эркектердин жылуу сөзү. Акча, буюмду белек деп эсептебейм. Жалпы кыргызстандык аялдарга, эжелерге-сиңдилерге ден соолук каалайм, майрамы менен куттуктайм!

- Сен кандай белек каалайсың?

-
Көңүл, сүйүү, гүл.

Кичинекей Ислам мектепте окуйт. Дүкөнгө ал классташ кызы, эжейи, анан да албетте, апасына белек алганы келген.

- Мен апама мурда берген белегимдей эле белекти алам. Ушундай.

Гүлбазарга шашылып бараткан жеринен «Энесай» гезитинин башкы редактору Эмилбек Момуновду жолуктурдук. Анын энелер, эже-карындаштарга каалоосу:

- Мен, албетте, биринчиден, жубайыма гүл тартуулайм. Экинчиден, эртең анын бир күндүк үй-тиричилик түйшүгүн толугу менен өзүмө алам. Анан үчүнчүдөн, кыргызстандык энерлерге, эжелерге, карындаштарга каалоом: үй-бүлөдө бакты-таалай, ден соолук, анан бүтүндөй эле бардык аялзатын жакшылыктарды каалайм.

Тиричиликтин кам-чому менен жүргөн адамдардын майрам алдындагы көтөрүңкү маанайына кошул-ташыл ачык тийген күндүн нуру жан-жаныбардын текши баарын жандантып, жаз илеби эне мээриминдей жылуулукту тартуулап турду. Кыргызстанга жаз келди. Аны аялдардын улуу майрамы ала келди. Кыш өкүмүн жазга берип жаткан кезде белгиленип жаткан майрам менен аялдарды, аларга кошуп «Азаттыкта» иштеген кыз-келиндерге куттук айтуу менен майрам алдындагы репортажга чекит койсомбу деп турам.

XS
SM
MD
LG