Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:43

КЫРГЫЗСТАНДЫК АЯЛ-МИГРАНТТАР ОРУСИЯДА ӨТӨ ООР АБАЛДА ИШТЕШЕТ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын ар кайсыл шаарларында убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын арасында кыз-келиндер да көп. Серепчилердин айтымында, аял-мигранттар, эркек-мигранттарга караганда, эки эсе көп кыйынчылыктарды баштан кечиришет. Алар сексуалдык кулчулукка кабылган учурлар да аз эмес. Биздин Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооров орус баш калаасындагы айрым кыргызстандык кыз-келиндер аркылуу аял-мигранттардын көйгөйлөрүн билгенге аракет кылды.

Москванын түндүк тарабындагы көп кабаттуу бул үйдөгү эки бөлмөлүү квартирада жалпысынан 20 дай кыргызстандык жашайт. Кичинекей бир бөлмөнү атайын беш аял үчүн бөлүп коюшкан.

Асипа Төрөкулова - ошол беш аялдын бирөөсү – Жалалабаттын Алабука районунан келген экен. Алабукада жүргөн кезинде ооруканада медициналык боорукер эже болчу. Эми Москвага келип, жакын жердеги дүкөндөрдүн бирине пол жуугуч катары жумушка орношкондон бери, күнүнө 12 сааттан иштеп жатат. «Бир айда 14 миң рубль айлык алам», - дейт Асипа эже.

- Кыргызстанда жашап жаткан үйүбүз эскилиги жеткендиктен, жаңы там курушубуз керек эле. Мен кыргызстанда алган айлыгымды рублга айландырганда, бир миң рубль болот экен. Москвага келип, азыр 14 миң рубль айына иштеп жатам. Кыргызстанда, мисалы, жер иштетчү элек. Бирок акырында жыйнап алган түшүмүңдүн кирешеси жерди иштетүүгө кеткен чыгашаны толугу менен актабай калды. Кээде жерге сарптаган каражатыбызды кайра ала албай калган учурлар да болду. Ошондуктан балдардын келечи үчүн ушул жакка келип иштеп жатам.

«Азаттык»: Балдарыңыз канча жашта?

- Бирөөсү 11 жашта, экинчиси 8 жашта.

«Азаттык»: Жолдошуңуз эмне иш кылат?

- Жолдошум эч жерде иштебейт. Жер иштетейин деп, ошондой проблемалар менен токтоп калды анын иши да…

«Азаттык»: Демек, азыр үй-бүлөңүздү толугу менен жалгыз өзүңүз багып жаткан турбайсызбы?

- Ооба, ошондой болуп калды…, - дейт Асипа эже.

Ал эми 24 жаштагы Майрам Шүкүрбекова Ош облусунун Ноокат районунан келген. Кыргызстанда орус филологиясын бүтүрүп, кийин Ноокаттагы мектептердин биринде орус-тилинен сабак берип жүрүптүр. «Мугалим катары алган 500 сом айлыгым эч нерсеге түтпөй калды, ошондуктан Москвага келдим», - дейт бир жылдан бери Орусияда жүргөн Майрам.

- Жаш балдар менен иштеп, аларга көнүп калгандан кийин, ал жумуштан кетиш өтө кыйын болот экен. Ата-энем да жөнөтүшкөн жок. Ошондуктан алгач «эс алып келейин» деген шылтоо менен эле Бишкектеги агамдыкына келдим. Андан ары эч кимге билдирбей, Москвага келе бердим. Бул жакка келгенден кийин гана үйдөгүлөргө кабар бердим. Алгач үч ай бою бир чоң дүкөндө жууп-тазалоочу болуп иштедим. Ошол үч айдын ичинде болгону 12 миң рубль акча беришти.

«Азаттык»: Эмне үчүн мынча аз төлөштү?

- Мен иштеген жерде ошол учурда эле «Жумушка уруксат берчү документ керек» деп, сегиз миң рубль кармап калышчу. Түнкү жумушка кирген болчумун, 12 сааттап тике туруп иштечүбүз. Анан ал жерден кетейин десем, акыркы бир айлык акчамды бербей коюшту. Канчалык жалбарып-жалынып да ала албай койдум. «Биздин укуктук абалыбыз ушул экен», - деп анан кала бердим.

«Азаттык»: Бирок өз укугуңузду коргоп, күрөшүү үчүн деле Москвада убактылуу каттоодон өтүш керек да. Сизде андай документтер деле болбосо керек ал кезде?

- Алгач келгенимде өзүбүзгө жакын жердеги милиция бөлүмүнөн каттоодон өткөм. Бирок төрт күндөн кийин мени көчөдө кармап, ошол эле укук коргоо органынын бөлүмү өзү мага берген документин өзү тааныбай койду. Аны «жасалма» деп, мени айыптай башташты. Анан 1,5 миң рубль айып төлөп чыкканга туура келди.

Майрам менен Асипа эженин мисалы Орусиянын ар кайсыл шаарларында иштеп, жашап жүргөн миңдеген кыргызстандык кыз-келиндерге жакшы белгилүү.

Бириккен улуттар уюмунун калк кору (UNFPA) жакында жарыялаган кабарында: «Бүгүн жалпы дүйнө боюнча 191 млн.эларалык мигрант болсо, алардын жарымысын аялдар түзөт. Чынында аял-мигранттар, эркектерге караганда, үйлөрүнө көбүрөөк акча жиберип, өз өлкөлөрүнүн экономикасын бутуна тургузуу ишинде зор колдоо көрсөтүп келишет», - деп билдирди. Ошол кордун аткаруучу директору Зорая Ахмед Абеид (Thoraya Ahmed Obaid) айым: «Кыз-келиндер бир эле учурда аял жана мигрант экени үчүн эки ирет дискриминацияга алынышат», - деп айтты.

«Ал эми Орусиядагы кыргызстандык мыйзамсыз аял мигранттар туш болуп жаткан негизги проблемалардын бири – медициналык колдоонун жоктугу», - дейт Майрам.

- Мисалы, биз менен мурда ушул жерде бир гинеколог эже жашаган эле. Ошол эжеге тааныган кыргыздын баары келчү. Анткени биз жергиликтүү ооруканаларга кире турган болсок, документтерибиз туура эмес болгондуктан, карашпайт. Ошондуктан ден-соолугубузга тиешелүү кандай гана проблема болбосун, ооруканага баруунун оордуна «Кайсыл жерде кыргыз дарыгерлер бар экен?» деп бири-бирибизден сурап, ошого барабыз, же Кыргызстанга чалабыз. Мисалы, менин өзүмдүн апам медициналык кызматкер. Ошондуктан мен ага дайыма чалып, ага өзүмдүн абалымды сүрөттөп берем. Ал болсо Кыргызстанда туруп алып, мага рецепт жазат, кандай дары-дармекти ичишим керек экендигин айтат. Макул, менин ата-энем медицинага тиешеси бар адамдар экен, бирок бул жактагы башка кыз-келиндер кантип жатышат? Алар кимге кайрылышат? Көпчүлүгүндө андай мүмкүнчүлүгү жок да, - дейт Москвада иштеп жаткан Майрам.

Бириккен улуттар уюмунун калк корунун кабарына ылайык, мамлекеттер ал аялдардын укугун коргоп, кыз-келиндер сексуалдык кулчулуктун, адам аткезчилигинин курмандыгына чалынбашы үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатышат. «Мигранттарды жөнөтүп жаткан жана кабыл алып жаткан мамлекеттер миграциянын агымын дурусураак жолго коюп алышканда, эки тарап тең утушка гана ээ болмок», - деди кордун аткаруучу директору Зорая Ахмед Абеид айым.

XS
SM
MD
LG