Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

ЖАЛАЛАБАТ: БИРИККЕН ФРОНТТУ КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮ БАШТАЛДЫБЫ?


«Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» Бириккен фронту «Агым» газетасы аркылуу Жалалабат облусундагы бир нече байланыш телефондорунун номерлерин жарыялаган. Фронттун Токтогул районундагы байланыш телефону деп көрсөтүлгөн телефон номеринин ээси Бишкектен чалган белгисиз адамдар аны коркутуп-үркүтүп жаткандыгын билдирди. Фронттун Жалалабат шаарындагы дареги туура эмес аталган байланыш телефонунун ээси да борбор тараптан коркутуу болгонун ырастады. Облустук бийлик менен улуттук коопсуздук кызматтары мындай телефон чалууларга тиешеси жок экендигин билдиришти. Облустун аймагындагы атын атабаган адамдар байланыш телефондоруна чалышып, фронттун максат-милдеттери жана анын катарына кантип кошулуунун жол-жоболорун сураштырышкан.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бирдиктүү фронтунун Жалалабат облусундагы байланыш телефондору катары «Ар намыс» партиясынын Токтогул районундагы координатору Токтобек Кабылбековдун аялына караштуу «Айпери» кафесинин телефон номерлери да «Агым» гезитине жарыяланган. Кабылбековдун телефон аркылуу билдиришинче ага Бишкектен белгисиз адамдар удаасы менен үч ирет чалышып, эгер бирдиктүү фронтту жактай турган болсо, менчиктештирилген ашканасынын мыйзамдуулугун кайрадан териштирерин жана Кабылбековго Токтогул районунда жашоо кыйын болоорун эскертишкен:

- Мен «Ар Намыс партиясынын Токтогул районундагы координатору Токтобек Кабылбеков. Бирдиктүү фронт ачылган акыркы күндөрдө байланыш телефону аркылуу доомат коюу, коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Мага Бишкектен белгисиз, кызматы менен атын атабаган адамдар үч ирет телефон чалышты. “Сен Акаевди колдоп жүргөнсүң, эми азыркы бийликке каршы экенсин, ашканаңды штаб кылып алыптырсын. Ашкананы туура эмес жерден алгансын жана туура эмес менчиктештиргенсин, кантип расширение кылганыңды билебиз, жыйынтыгын кийин билесиң» дешип. Алардын айтымы боюнча мага Токтогулда жашоо оор болот окшойт. Аялыма караштуу «Айпери» кафеси мүлк фондунда катталган, мамлекеттик каттоодон өткөн, акчасы төлөнгөн, мейли териштире бергиле дедим.

Анын билдиришинче райондон 20 киши Бириккен фронттун максат-милдеттерине кызыгып телефон чалышкан. Ушундай эле окуяга Бириккен фронттун Жалалабат шаарындагы байланыш телефонунун ээси деп көрсөтүлгөн Гүлчехра Каримжанова да туш болгон. Бишкектен телефон чалган белгисиз адамдар «Сен Бириккен фронтту колдойт экенсиң, үйүңдөн ажырап калбагың» дешип, жумушсуз аялды коркутушкан. Гүлчехра Каримжанова «Агым» гезитинде дареги туура эмес көрсөтүлгөнүн жана Бириккен фронтко тишеси жок экендигин айтты:

- Бишкектен телефон чалышты үйүңдөн ажырап калбагың деп. Бирок, мен Феликс Куловдун уюмуна менин тиешем жок. Ал эмне уюм экенин билбейм. Газетага менин телефонум туура эмес жазылып калыптыр. Телефонго Жалалабаттан Куловдун уюмуна кантип жазылсак болот деп суранып чалып жатышат.

Облустук бийликтин жооптуу кызматкерлери телефон чалууларга тиешеси жок экендигин билдирди. Облустагы улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Равшан Балтабаев телефон чалууларга байланыштуу эч кандай арыз-даттануу түшпөгөнүн маалым кылды:

- Эч кандай кайрылуулар жок, андай фактылар боюнча далил жок. Мындайча айтканда ал ушак сөздөр.

Гүлчехра Каримжанованын айтымында, Бириккен фронтту колдошоорун билдирип, он бештен ашык адам телефон чалган. Алардын бири Үрниса Турдиева Бириккен фронттун мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү максатын колдоорун ачыкка чыгарды:

- Мөөнөтүнөн мурда шайлоого барса Курманбек Бакиевге эң жакшы келечек болот эле, кыргыз эли да адамдай болуп жашайт эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG