Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

БРЮССЕЛДЕ ЕВРОШАРКЕТТИН САММИТИ БОЛОТ


8-мартта Брюсселде Еврошаркеттин эки күндүк саммити башталат. Андагы башкы маселе энергия маселеси болмокчу. Ошону менен бирге эле уюм өндүрүштөн бөлүнүп чыккан газдардын көлөмүн кыскартуу проблемасын талкуулайт.

6-мартта Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө шаркеттин аткаруу органынын төрагасы, Еврокомиссиянын башчысы Джозе Эмануэль Бароссо саммитте уюмдун энергия боюнча орток стратегиясын сунуш кыла турганын билдирди.

-Эгерде үчүнчү өлкөлөрдүн ишенимине ээ болобуз десек, биз өз ара шериктеш болуубуз керек. Партнерлорубуз менен алакалашууда бир аваздан сүйлөшүбүз керек, энергия маселеси бизди жиктебеш керек. Бизге чар- жайыт Европа эмес, бирдиктүү, глобалдык Европа керек,- деди Бароссо.

Энергия маселесинде Еврошаркетте пикир келишпестиктер бар, алар оболу уюмга мүчө өлкөлөрдүн уюмга мүчө болоордон мурда Россияга карата ар башка саясат жүргүзүп келгендиги менен байланыштуу. Польша Россияга сын көз караш менен кароону колдойт. Бирок Еврошракеттин азыркы төрагасы -Германия Россиянын ишенчиликтүү партнер боло алаарынан күмөн санап турган Варшаванын турумун жумшартууга аракеттенет. Франция менен бирдикте Германия Москва менен конфронтацияны мүмкүн болушунча азайтууну көздөп жатат.

Саммиттин корутунду документинин долборунда Борбор Азия жана Каспий өлкөлөрү менен алаканы кеңейтүү сунуш кылынмакчы. Бул өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү энергия ресурстары менен энергияны ташуу жолдорун түрдүүлөштүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болмокчу. Еврошаркеттин азыркы жетекчилиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Астана шаарында 28-мартта жолугушат.

Еврошракеттин энергия коопсуздугунун кызыкчылыгында Еврокомиссия энергетика гиганттарын майдалап, энергияны бөлүштүрүүчү ишканаларды энергия менен камсыздоочулардан бөлүүнү пландаштырып жатат. Бароссонун айтымында, тармакты секторлорго бөлүүнүн арты менен бүткүл Европаны камтыган энергия рыногун түзүүгө, ишканалардын ортосундагы конкуренцияны өөрчүтүүгө шарттар пайда болот.

Бирок сунушка Германия менен Франция каршы. Европанын энергия рыногунда үлүшкө ээ болуп калууну көздөп, бирок эми андай мүмкүнчүлүктөн кол жууп калганы турган Россия бул сунушту "акылга сыйбаган" сунуш деп сындады.

Еврокомиссия ошондой эле өндүрүштөн бөлүнүп чыккан газдардын көлөмүн 2020-жылга чейин 1991-жылкы көлөмгө салыштырмалуу 20 процентке кыскартууну сунуш кылып жатат. Ан үчүн өлкөлөр энергиянын альтернативдүү булактарын караштаруулары зарыл. Еврошракеттин көз карашында өндүрүрштөн бөлүнүп чыккан газдар аба ырайынын жылып баратышынын негизги себеби.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG