Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

ДҮЙНӨЛҮК ЭКОЛОГИЯНЫ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ЕВРОПА ЖАҢЫ СУНУШ ЖАСООДО


Нарын АЙЫП, Прага 8-9-март күндөрү Брюссел шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу өтүп жатат жана анда негизгилерден болуп энергетика менен экология маселелери каралууда. Дүйнө жүзүндөгү аба ырайынын өзгөрүп баратканына себеп болгон калдык газдардын атмосферага чыгышын кыскартуу жөнүндө план иштелип чыкты.

1997-жылдын декабрында Жапониянын Киото шаарында кабыл алынган жана Киото протоколу деп аталган келишимде - Жер шарынын атмосферасын булгап, анын ысышына алып келген калдык газдардын көлөмү жыл өткөн сайын кыскартылууга тийиш жана ар бир мамлекет канча калдык газ чыгарууга укуктуу экени, аларга бөлүнгөн чектен чыгуу үчүн өнүккөн мамлекеттер башка өлкөлөрдүн квоталарын сатып алышы мүмкүн деп да айтылган. Бирок Киото протоколуна АКШ кошулбай койгондуктан маселе татаалданган, аба ырайынын өзгөрүшү болсо улам коркунучтуу болуп баратат.

Февралдын башында Мюнхен шаарында өткөн дүйнөлүк коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда немис канцлери Ангела Меркел - атмосферанын жылып баратканын дүйнө коопсуздугуна болгон эң чоң коркунуч деп атады. Алмания азыр Европа Биримдигине төрагалык кылууда жана 8-9-мартта Брюссел шаарында өткөн Биримдиктин бийик жоулугушуусунда Меркел - бул маселени жөнгө салууда Биримдик бүткүл дүйнөгө үлгү болууга тийиш деп билдирди.

Алмания азыр эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тобуна да төрагалык кылууда жана июнда өтө турган анын бийик жолугушуусунда дагы Алмания энергетика менен экология маселелери боюнча талкууну негизги тема кылат. Меркелдин айтымында, Евробиримдикке кирген мамлекеттерде атмосфераны булгаган калдык газдарынын дүйнөлүк көлөмүнүн 15 пайызы гана чыгарылат, ошондуктан Европанын демилгесин АКШ, Индия, Кытай жана Орусия сыяктуу ири мамлекеттер колдоого алууга тийиш.

8-март күнү Брюсселдеги жыйында 2020-жылга карата атмосферага чыгарылган калдык газдардын көлөмүн 1990-жылдагы көлөм менен салыштырганда 20 пайызга кыскартуу жөнүндө план макулдашылды.

-Бул планды караштырганда - кубат жана климат саясатында ал Европа Биримдиги үчүн өтө ири жетишкендик экенин түшүнөсүң. Биримдиктин саясатына бул демилге жаңы сапат кошот жана бизди дүйнөлүк кубат саясатында алдыңкы орунга чыгарат, - деди Меркел Брюсселде 9-март күнү.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун айтымында болсо, Биримдик бул багытта башка дүйнө мамлекеттери кантип аракеттениш керек жана кандай максат коюш керек экенин дагы жакын арада аныктайт:

-Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү чейрегинде биз жаңы сунуштарды жасайбыз. Азыркы сунуш - өз алдына Европа кандай максат коюп жатканы менен байланыштуу, бирок эми биз дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү абалды карап чыгабыз жана алар боюнча дагы атайын сунуштарды иштеп чыгабыз.

Европа жетекчилеринин айтымында, эгер башка ири мамлекеттер Брюсселдин демилгесин колдосо, Биримдик өз алдына калдык газдардын көлөмүн 20 эмес, 30 пайызга кыскартуу максатын да коюшу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG