Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

КӨП АЯЛ АЛУУЧУЛУКТУ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ КЕРЕКПИ?


Акан Иманов, Бишкек Көп аял алуу маселеси бүгүнкү күндө ар кандай пикирлерди жаратып келет. Мисалы мындан бир нече күн мурун аялдардын “Берен” партиясы көп аял алууну мыйзамдаштырууга каршы штаб түзүшөрүн билдиришкен. Бүгүнкү мыйзам боюнча көп аял алгандарга Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренеси боюнча кылмыш иши козголот, бирок бүгүнкү күндө бул берене иштебей келет. Көп аял алуу маселеси боюнча коомчулук кандай ойдо?

Көп аял алуу маселеси коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келет. Буга чейин бул маселени мыйзамдаштыруу кыргыз парламентинде айрым депуттар тарабынан көтөрүлүп, бирок эч кандай колдоого ээ болгон эмес. Акыркы маалда көп аял алууга мыйзам жол бербесе дагы эки же үч аял алып алар менен жашап жүргөн эркектер аз эмес. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүшпү же жокпу деген суроо менен биз жигеттерге кайрылдык:

- Атым Тынычтык, мен каршымын, көп аял алуу бул көпкөндүк деп эсептейм. Илгери ата-бабаларыбызда ошондой болгон деп айтышат. Эми ал маалда аялдардын укугу жок болчу да.

- Мен Нурбекмин. Мен колдойм. Мен дагы эки аял алгым келип жүрөт, муну группалаштарым, ата-энем билет. Мени көбүнчө кыргыз көпсө аял алат деп шылдыңдап жүрүшөт, бирок мен бул шылдыңды өзүмө кабыл албайм. Жана дагы менин, эки аялды багууга алым жетет.

- Чыңгыз. Эгер биз көп аял алууга кошула турган болсок, мыйзамдын гана негизинде уруксат беришибиз керек. Биз жакынкы аралыкта көп аял алууга уруксат беребизби же бербейбизби, ушуну программага салып иштеп чыгышыбыз керек.

Жигиттер менен баарлашкандан кийин, биз кыздарга кайрылып, көп аял алуу маселесине кандай карайсынар деп суроо узаттык.

- Атым Айгүл. Мен буга каршымын. Ар бир аялдын өзүнүн күйөөсү болуш керек. Бирок, бир четинен буга деле кошулса болот. Кээ бир учурда аялдар, эркек жетишпегендиктенби башкалардын күйөөсү менен ойнош катары жүрүшөт. Бул, ойнош катары эмес, мыйзамдуу аялы болсо, балдар төрөлсө бир жагынан бул деле жакшы болмок.

- Айгүл. Көп аял алуу маселеси шариятта айтылып кеткенден кийин, баш ийүүгө туура келет. Өзүңө эле эмес, башкаларга дагы турмуш курууга шарт түзүп беришиң керек.

Кыздар экинчи же үчүнчү аялы болуп турмушка чыгат белеңер?

- Эгер мен ал кишини сүйсөм макул эмесмин, эгер сүйбөсөм мага баары бир болмок да.

- Мени да сүйүп, баарыбызды бирдей караса, мен да аны сүйүп турсам макул демекмин.

Кыздар ушундай жооп кайтарышты. Ал эми көп аялы бар адамдар бул меселе боюнча кандай пикирде. Биз эки келинчеги бар Өзүбек ажыга кайрылдык:

- Менин эки аялым бар, алар бир үйдө эле турушат. Бала-чакабыз аралашып эле жашайбыз. Мисалы биз, мусулмандар эки аял алсак аларга бардык укугун беребиз, калыңын төлөйбүз, ата-энеси менен катташабыз, бала-чакалуу болобуз, бүт проблемасын карайбыз. Ал эми ойнош күткөн адамдар болсо аларга эч кандай укук бербейт. Түнүндө бекинип төшөгүнө барат, анан кайра кетип калат. Мына ушул нерсе адеп-ахлакка каршы келет.

Көп аял алуу маселесинин тегерегинде бүгүн коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жаткан кез. Ал эми өлкө президенти Курманбек Бакиев бул маселе боюнча кандай пикирде?

Ал жакында эле Кант шаарында болгон жоолугушуу маалында бул маселе боюнча өз пикирин айткандыгын президент басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев тастыктап өттү:

- Президент өзүнүн Канттагы жоолугушусунда, акыркы убакта коомдогу көп аял алуу жөнүндөгү талкууларга өзүнүн сынын айтты. Биз бүгүн 21-кылымда жашап жатабыз, элибиз билимдүү анан ушул убакта башка проблемалар түгөнүп калгансып, ушундай проблемалар көтөрүлүп жаткандыгына кейигендигин билдирди.

Көп аял алабыз дегендер статистикалык маалыматтарга таянып, аялдардын саны көп экендигине токтолушууда, чынында 40 жашка чейинкилер арасында аял-эркектердин саны бирдей, дейт Социалдык техникалар агентигинин эксперти Мира Карабаева:

- Эгер биз Кыргызстандын статистикалык жыйнак китебининин акыркы үлгүсүн карай турган болсок, ал жерде 40 жашка чейинки аялдар менен эркектердин саны бирдей экени көрсөтүлгөн. Ал эми кырк жаштан өткөндөр арасында, аялдардын саны басымдуулук кылат. Ошондуктан жалгыз аялдарды куткарабыз деген эркектер, кырк жаштан өткөн аялдарга баш кошушу керек.

Ал эми гендердик теңчилик боюнча иш алып барган айрым бейөкмөт уюмдар бул көрүнүш тууралу эмне айташат. “Сезим ” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мындай дейт:

- Мындай үй-бүлөлөрдө баары бир проблемалар болуп, чоң жаңжал да чыгып жатат. Кээ бирде экинчи же биринчи аялы унчукпай калат. Бирок, ошондо дагы ал аргасыздан унчукпайт да. Анан алардын укугун басмырлап, мен эркекмин, мен сени багып жатам, ошондуктан сен мени угушуң керек деп айткан болбойт. Кыз-келиндер арасында оокат, турмуш үчүн макул болуп жаткандар бар. Ким эле экинчиси болуп, ошол өзүнүн ордун башкага бергиси келсин.

XS
SM
MD
LG