Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

САЯСАТТА «ЖАЗ ЖАРЫШ»: БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН МУНАСА ТАБА АЛАБЫ?


“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт бүгүнкү жыйынында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана Конституциялык реформа жүргүзүү талабы менен 11-апрелден тарта мөөнөтсүз митинг баштоо тууралуу чечим кабыл алды. «Реформа үчүн» кыймылы кечээ Конституциялык системалык реформаларды жүргүзүү боюнча бийликке бир ай убакыт бергенин, эгерде бул талаптар аткарылбаса президентке мөөнөтүнөн мурда кызматын токтотуу талабы коюларын жарыялаган. Айрым байкоочулар мындай учурда бийлик тез арада чечкиндүү аракеттерди көрүп, оппозиция менен мунаса табуусу зарылдыгын, болбосо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп кетээрин белгилешүүдө.

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун бүгүнкү жыйынында негизинен кыймылдын түзүлгөндөгү максатына жараша иш-аракеттерди жүргүзүү маселеси талкууланып, мөөнөтсүз митинг баштоо чечими кабыл алынды. Кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Өмүрбек Абдрахманов 11-апрелде башталмакчы болуп жаткан нааразылык чарасында коюлчу талаптар тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Фронт түзүлгөндө эле президенттик чукул шайлоо өткөрүү жана конституциялык реформа жүргүзүү талаптарын койгон. 11-апрелге белгиленген митингге да ноябрдагыдан да көп эл келиши күтүлүүдө. Анктени ошол элдин басымы менен кабыл алынган конституцияны бийлик ыргытып, жок кылып таштады. Ошондуктан эл кайра чогулуп, тынчтык жолу менен кайра президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылмакчы.

Дагы бир оппозициялык кыймыл - «Реформа үчүн» кыймылы да кечээ конституциялык жана системалык реформаларды жүргүзүү, коррупция, үйбүлөлүк башкарууну жоюу үчүн бийликке бир айлык убакыт берип, талап аткарылбаса президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылаарын жарыялаган. Бул кыймылдын башында турган айрым оппозициялык саясатчылар бир эле учурда бириккен фронтко да мүчө. Ошол эле учурда депутат Азимбек Бекназаров баштаган кыймылдын дагы башка мүчөлөрү башка кыймылдарга кошулбай эле бийликтен мурда коюлган талаптарды аткарууну талап кыла беришээрин, эгерде талап аткарылбаса максатташ кыймылдар менен кызматташууга бараарын белгилешүүдө.

Оппозициялык эки кыймылдын мындай билдирүүлөрүнө азырынча бийлик тараптан эч кандай расмий жооп боло элек. Бирок, адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия төрагасы Турнсубек Акун мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабына кошулбаганы менен оппозициянын конституциялык реформа боюнча талаптарын туура деп эсептейт:

- Бириккен фронттун да, «Реформа үчүн» кыймылдын да мындай чечим кабыл алышы күтүлгөн нерсе болчу. Эгерде бийлик жакшы иштегенде, кадрдык, конституциялык реформа жүргүзгөндө бүгүнкүдөй абал болбойт эле. Биз (бийлик) көп кемчиликтерди кетирип алдык. 30-декабрда кабыл алынган конституция бул – антиреформа. Менимче, 9-ноябрдагы конституция сакталып калганда бүгүнкүдөй чечимдер кабыл алынып, 11-апрель белгиленмек эмес. Эми эки жак эрегишпей сүйлөшүү жолун башташ керек. Бирок, мен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабына кошулбайм. Азыркыдай абалга Курманбек Бакиев кандай күнөөлүү болсо Фелик Куловдун да ошончолук эле күнөөсү бар.

Айрым саясий талдоочулар болсо азыркыдай учурда кандай болгон күндө да бийлик менен оппозиция мунасага келүүсү зарылдыгын, болбосо өлкөдө кырдаал курчуп, жаңжал чыгып кетиши мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Маселен, Шанхай кызматташтык уюмунун быйыл Бишкекте өтүшү күтүлгөн саммити астында мындай нааразылык чаралары күчөп, кырдаал курчуп кетсе жыйын үзгүлтүкө учурап, өлкөнүн эл аралык абройуна доо кетээрин айткан саясат таануучу Карыбек Байбосун, бийлик оппозиция менен мунасага келиши керектигин, болбосо жолду бошотуп бергенден башка айласы жоктугун белгилейт:

- Эки кыймылдын минтип чыгышы бийлик үчүн чоң коңгуроо. Азыр бийликтин иш-аракетине, турмуш оңолбой жатканына эл ичинде да нааразылык күчөп баратат. Ошондуктан тараптар тез арада консенсуска келбесе болбойт. Эки тарап тең көгөрүп туруп алса чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Албетте, оппозициянын талабы менен бийликтин мүмкүнчүлүгү карама-каршы келип жатат. Ошого карабай эки тарап тең баары бир мунаса таппаса болбойт.

Канткен менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бийлик тараптан канчалык аракет көрүлөт жана андан кандай майнап чыгат, азырынча боолгоо кыйын.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG