Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

ЭРТЕҢ ОРУСИЯНЫН РЕГИОНДОРУНДА ШАЙЛООЛОР ӨТӨТ


Төрөкул Дооров, Москва 11-мартта Орусиянын 14 регионунда жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына шайлоолор өтөт. Бирок аларга бир топ оппозициялык партиялар катышуу укугунан айрылышты. Ал партиялардын жетекчилери билдиришкендей, Кремль аларды азыртадан эле, федералдык шайлоолорго чейин эле жок кылууну чечкен. Мисалы, Санкт-Петербург шаарында белгилүү «Яблоко» партиясы техникалык себептерден улам ат салышуудан четтетилгени айтылды.

Виталий Соколов – азыр пенсияга чыккан мугалим - өмүр бою Санкт-Петербургда жашап келди. «Жекшембиде өтө турган шайлоого «Яблоко» партиясы катыша албай экен» деген кабарды уккандан бери кабагы ачылбай, жини келип эле жүрөт. Өткөн айда Соколов бир канча күн «Яблоко» үчүн адамдардан кол топтогон эле. Эми мээнети текке кетти окшойт.

- Мен колдорду топтогон элем. Алардын астында мен тууралуу маалымат бар. Соколов Виталий Михайлович деп жазылып турат. Анан менин паспортумдун көрсөтмөлөрү. Анда дарегим Светлановский проспектиси, 46-үйдүн 1-корпусу деп көрсөтүлгөн. Менин үйүмдүн бурчунда да 46-үй, 1-корпус деп жазылып турат. Бирок милиция «Жөн эле 46-үй бар, эч кандай корпусу жок» деп жазып бериптир. Эми аларга эмне демек элем?, - дейт Виталий Соколов.

«Яблоко» партиясы Санкт-Петербургда чоң колдоого ээ экени белгилүү. Бирок өткөн айда жергиликтүү шайлоо комиссиясы ал жыйнаган колдордун 10 пайызынан ашыгын «жараксыз» деп таап, партияны шайлоодон четтетти.

Айрым башка региондордо Орусиядагы СПС (Оңчул күчтөрдүн союзу) жана коммунисттик партиялар да жарыштан четтетилишкен болчу. Бирок бир топ кайрылуулардан кийин, кайра ат салышууга катыша турган болушту.

«Яблоко» партиясынын Санкт-Петербургдагы өкүлү Михаил Амозов анын партиясы шайлоого катыша албай калганында шаардык жетекчиликтин, эң алгач губернатор Валентина Матвиенконун буйругу бар деп ишенет:

- Биринчиден, «Яблоко» популярдуу партия, экинчиден ал оппозициялык экени белгилүү. Мисалы, азыркы шаардык парламентте «Яблоконун» үч оппозициялык депутаты бар жана үчөөбүз гана Валентина Матвиенконун кайрадан губернатор болушуна каршы добуш берген элек. Бул айрымдарды аябай капа кылган окшойт.

Азыр «Яблоко» өзүнүн колдоочуларын бюллетендерди бузуп салуу менен шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук кылууга чакырып жатат.

- Азыр биз өзүбүзгө жакыныраак эч бир партияны көрбөй турабыз. Андыктан өзүбүздүн шайлоочуларга «Биз жок болсок да, буга же тигиге добушуңарды бергиле!» деп айта албайбыз. Биз бул маселени кантип чечүүгө болоорун көпкө ойлондук. Азыр эми айтып жатабыз. «Ал жерде алты партия көрсөтүлгөн. Ошонун баарына добуш берип койгула, же анын баарынын тушуна «Яблоко» деп жазып салгыла. Же ал бюллетендерди бузуп салгыла, анткени жараксыз бюллетендер эсепке алынат», - деп жатабыз, - дейт депутат Михаил Амозов.

Азыр ардактуу эс алууда жүргөн мурдагы мугалим Соколов эми добушун коммунисттерге бере турганын билдирди.

Айрым серепчилердин ишениминде, Кремль кээ бир кичинекей же оппозициялык партияларды азырынча жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына өтүп жаткан шайлоонун учурунда эле жок кылууну көздөп жатат. Анткени негизги өлкөнүн парламентине, Мамдумага, шайлоо быйыл жыл этегинде өтөт. Мыйзамдарга киргизилген соңку өзгөрүүлөргө ылайык, кичинекей партиялар үчүн парламенттен орун алуу өтө кыйын.

Бирок өкмөт бул өңдүү билдирүүлөрдү четке кагып, Мамдумага шайлоо ачык жана акыйкат өтөөрүн, анда негизги эки саясий партия «Бирдиктүү Орусия» жана «Акыйкат Орусия» беттешээрин айтты. Аталган эки партия тең Кремлдин айтканын жок дебегендерден делет.

XS
SM
MD
LG