Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

БАГДАДДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯГА АКШ МЕНЕН КАТАР ИРАН ЖАНА СИРИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯЛАРЫ КАТЫШТЫ


Багдадда бүгүн АКШ, Иран, Сирия жана ондогон башка мамлекеттердин жана регионалдык уюмдардын өкүлдөрү Ирактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Шаардын “Жашыл” деп аталган коопсуздук тилкесинде өткөн жыйын негизинен Тегеран менен Дамаскты Ирактагы зомбулукка чекит коюуу аракеттерине тартууну көздөгөн.

Конференцияны утурлай президент Буш америкалык делегациянын Иран менен Сирияга багытталган кайрылуусу жөнүндө мындай деди:

-Биз сиздерден жаш демократияга жардам бересиңер деп күтөбүз. Өзүбүздү жана Ирак элин коргойбуз, саясий максаттарына жетүү үчүн бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жаткан кишилерден коргонууга жардам беребиз.

Вашингтон, Иран Ирактагы шийи согушкерлерин каржылап, аларды аскерий технологиялар менен камсыздоодо деген кине тагып келатат. АКШ ошондой эле Дамаск сунилердин козглоңчу топторуна багытталган акчанын жана согушкерлердин агымын токтотуу үчүн жетиштүү чара көрбөйт деп айыптап жүрөт.

Сөз болгон топтор коалициялык күчтөргө кол салуудан тышкары бири-бири менен да кармашып, мазапаралык согуштун отуна май тамызып келатышат.

Ирактын Тышкы иштер министри Хошияр Зебари конференцияны ачып жатып:

- Багдаддагы бүгүнкү жолугушуу 1990-жылдардан берки алгачкы ушундай жыйын. Биздин эл жана дүйнөдөгү прогрессивдүү күчтөр жыйында практикалык чечимдер кабыл алынып, алардын аткаралышы үчүн механимздер макулдашылат деп үмүттөнүшөт.

Жыйын жабык эшик артында өтүү. Багаддын көчөлөрүндөгү эл конференцияга жакындан байкоо салуудабыз дешет:

- Биз иш жүзүндө ушул жыйынга бардык үмүтүбүздү артуудабыз. Ага Америка, Британия, Россия катышууда. Күчтүү мамлекеттерден тышкары Иран жана Сирия өңдүү коңшулардын өкүлдөрү да келишти. Конференция Иран менен Сирия үчүн сынак катары каралууда. Алар Ирактагы коопсуздук жана стабилдүүлүктү орнотуу чөйрөсүндө башка өлкөлөр менен кызматташууга канчалык даяр экенин көргөзүшү керек, - дейт өзүн Саад деп атаган багдаддык тургун.

Байкоочулардын көбү бүгүнкү бийик деңгээлдеги жолгушуулар үчүн жакшы пайдубал түзүп бериши ыктымал деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG