Ишемби күнү өткөн «Эмгек жана биримдик» партиясынын курултайында аталган партиянын лидери Жаныбек Бакиев Отузадыр шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан баш тартаарын расмий жарыялады. Аталган партиянын Жалалабад бөлүмү боюнча координатору Абдумалик Байтемировдун айтымында, партия жетекчисинин мындай кадамы агасынын президент болуп тургандыгына байланыштуу болду:
- Жаныш Салиевич парламент депутаттыгына шайлоого барбоосу тууралуу курултайда расмий айтты. «Менин агамдын өзүнүн бир туугандарга карата айткан насааты бар. Бийликке, саясатка аралашпагыла. Силер мурдагы Акаевдин бийлигинен айырмаланып, өзүңөрчө болгула»,- деп. Жаныш Салиевичтин бул кадамы эң туура кадам болду. Акаевдин бийликтен кеткен себеби, анын агасы Асанкулдун, балдарынын депутаттыкка ат салышканы болбоду беле.
Абдумалик Бектемировдун айтымында, Отуз адыр шайлоо аймагына «Эмгек жана биримдик» партиясынын мүчөлөрү талапкерлигин коюшпайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун көз карашында, эгерде Жаныбек Бакиев № 40 Отузадыр шайлоо аймагында талапкерлигин койсо, президент Курманбек Бакиевдин аброюу төмөндөмөк:
- Азыр ансыз деле президенттин аброюу төмөн. Күндөн күнгө анын кадыр баркы төмөндөп баратат. Анын үстүнө иниси парламентке келем, деп ат салышса албетте президенттин эл алдында ишеними жоголмок. Ошондуктан кырдаалды курчутпайлы деп ойлошту окшойт.
Өмүркулов белгилегендей, Жаныбек Бакиев шайлоого катышса анын маселеси апрель айында болуучу саясий иш чараларда көтөрүлүп, мурдагы Акаевдин бийлиги сымал сынга кабылмак.
Ал эми № 57 Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына экс-президенттин кызы Бермет Акаева талапкерлигин коюшу мүмкүн деген маалымат бар. Анын адвокаты Галина Скрипкинанын айтымында, Бермет Акаева дүйшөмбүдө же шейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоого барар-барбасын расмий билдирет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда
Отузадыр шайлоо аймагы боюнча “Кербен” соода борборунун жетекчиси Равшанбек Сабиров, Чукул кырдаалдар министрлигинин аскер күчтөрүн даярдоо башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жунусов, №59 Кесиптик-техникалык окуу жайынын директору Бакалбай Калмаматов талапкерлигин коюшкан. Ал эми №57 Кемин шайлоо округу боюнча Раззаков атындагы университеттин кафедра башчысы Самсалы Алымкулов, “Көк жон” кооперативнин жетекчиси Аскар Абакиров, “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев, “Азат” агрофирмасынын каржы кеңешчиси Сейтбек Чалбаев, “Шинь-Жи” бирикмесинин директору Тойчубек Кадыралиев, Медициналык Академиянын жалпы хирургиялык кафедрасынын башчысы Алымкадыр Бейшеналиев БШКнын каттоосунан өтүшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Байсалов болсо жогорудагы шайлоо чөлкөмдөрүнө бийлик өздөрүнүн адамдарынын талапкерлигин сунуштап, административдик ресурстарды колдонушу мүмкүн деген пикирде:
-Менин оюмча парламентке бийликти жактаган депутаттар келсе, деп бийлик деле кызыкдар. Ошондуктан эки аймакта болуучу шайлоодо бийлик административдик ресурстарды колдонушу мүмкүн.
Отузадыр жана Кемин шайлоо аймактарында Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоо 29-апрелде өткөрүлүшү күтүлүүдө. Аталган эки аймакта талапкерлерди каттоо 19-мартта аяктайт.