Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

КОСОВО БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН СОҢКУ АЙЛАМПАСЫ ЖЫЙЫНТЫКСЫЗ АЯКТАДЫ


БУУнун атайын өкүлү Мартти Ахтисаари Косовонун келечеги боюнча бир жылдык сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалды деп билдирди. Дипломаттын ырастоосунда, серб жана косоволук албандардын лидерлери мунасага келүүгө дилгирлигин көрсөтө алышкан жок. Косовонун макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлмпасы 10-мартта Венада жыйынтыксыз аяктады.

Косово провинциясы боюнча сүйлөшүүлөр бир жыл илгери башталган. Кечээки жыйын мунаса табуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк катары каралып келген эле. Бирок Ахтисаари жолугушуудан кийин билдиргендей, тараптардын орток туруму жок болгондон кийин, сүйлөшүүлөрдү улантуунун кажети жок. Косовонун келечеги боюнча сунуштар ушул айдын этегинде БУУнун коопсуздук кеңешине жөнөтүлмөкчү.

Ахтисааринин планына ылайык, чөлкөмгө чектелген жана эларалык көзөмөл астындагы мамлекеттүлүк берилет. Ал өз конституциясына, армиясына, улуттук гимн жана желекке ээ болмокчу. Бирок бул үчүн Косоводо жашаган серб азчылыгына маданиятын сактап калуу үчүн кеңири укуктар берилет.

Долбоордо толук эгемендүүлүк тууралуу сөз жүрбөйт. Бирок косоволук албандар өз максатынан тайбай турганын айтышууда. Венага аттанаардын алдында Косовонун президенти Фатмир Сейдиу мындай деген эле:

- Биз Косовонун көз карандысыздыгын жактоо үчүн бардык керектүү аргументтерибизди сунуштоого даярбыз.

Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуница болсо ошол эле күнү “Косовону Сербиядан бөлүү Улуттар уюмунун тарыхындагы эң кооптуу прецедент жаратышы ыктымал” деп эскертти. Анын бул жарыясында жаңы эч нерсе деле жок. Сербтердин көбү провинцияны серб маданиятынын жана мамлекеттүүлүгүнүн башаты катары эсептешет.

Өткөн айда Белграддын сүйлөшүүлөрдөгү делегациясын жетектеген Слободан Самарджич Сербия Ахтисааринин планына караманча каршы эмес, бирок Косового эгемендүүлүк берүү идеясына көнбөй турганын белгилеген эле:

- Биз Сербиянын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузган шарттарды гана четке кагабыз.

АКШнын Балкандагы мурдагы өкүлү Жэймс Доббинстин айтымында, бул маселе акыр аягында чечилүүгө тийиш:

- Менимче, биз жаңы тепкичке көтөрүлдүк. Ал акыркыбы же жокпу, билбейм. Бирок, Косово БУУнун башкаруусунан чыгат.

Чөлкөм этникалык албан сепаратисттери менен серб күчтөрүнүн 1998-99-жылкы согушунан кийин БУУнун протекторатына өткөрүлгөн. Косовонун 2 миллиондук калкынын 90 процентин этникалык албандар түзөт.

XS
SM
MD
LG