Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ АТЫНДАГЫ ФОНД УЮШУЛДУ


Кыргыздын залкар композитору, дирижеру, эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры Калый Молдобасановдун арабыздан түбөлүктүү келбес жайга кеткенине он айдын жүзү болду. Жакында жубайы Үпөлхандын демилгеси менен “Калый Молдобасанов” атындагы коомдук кор (фонду) уюштурулду. Маркумдун өмүрлүк жары Үпөлхан айым менен кабарчыбыз Балбай Алагушев маектешкен.

- Үпөлхан айым, Калый Молдобасановдун коомдук фондусун уюштуруунуну максат-мааниси жөнүндө угармандарга маалымат бере кетсеңиз?

- Фонддун негизги максаты Калый Молдобасановичтин чыгармаларын, ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн корду өркүндөтүп, өрчүтүп, иштетүүгө арналууда. Жыл сайын таланттуу жаштар үчүн конкурстарды, фестивалдарды уюштуруу, Молдобасановдун чыгармаларын мыкты аткаргандарга байгелерди берүү. Калый Молдобасановдун замандаштарынын эскерүүлөрүн көптөгөн сүрөттөрү менен жыйнак кылып чыгаруу. Ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан таланттуу жаштарга жардам берүү. Дагы айта кетээрим, чет өлкөлүк уюмдардын жардамы менен бейтааныш угуучуларга Молдобасановдун чыгармаларын тартууласак деген оюбуз да бар. Эң негизгиси Калый Молдобасанов атындагы музейди ачуу. Ошол музейге көптөгөн сүрөттөрүн, кол жазмаларын, каттарын, китептерин коюп, аларды эл көрүп, таанышып турса кандай сонун болор эле.

- Үпөлхан айым, мына Калый акенин арабыздан кеткенине он айдын жүзү болду. Маданият министрлиги, өкмөт тарабынан ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн кандай иш чаралар көрүлүүдө?

-Калыкемдин кайтыш болгонуна ан айдын жүзү болду. Мен маданият министри Султан Раевдин кабыл алуусунда Молдобасановдун эстелигин коюу, ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн консерваторияга, көчөгө ысымын берүү, музейин ачуу боюнча бир нече жолу кайрылдым. “Бары болот. Комиссия карап атат” деген гана жооптуу угам. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч бир натыйжа жок. Комиссия караган да жок. Жооп да болгон жок. Өткөн жылдын август айында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевге 14 коомдук ишмерлердин маданияттын аттуу-баштуу инсандарынын атынан кат жөнөтүлгөн эле. Катта беш маселе коюлган. Көрүстөнүнө эстелик коюу, улуттук консерваторияга ысымын берүү. Эл аралык фестивалдарды уюштуруу, музыкалык чыгармаларын чыгаруу, көчөнүн атын берүү деген сунуштар менен жөнөтүлгөн эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп жок. Залкар композитор, улуу дирижер унутулуп калабы деп капа болуп турабыз. Калыкемди (Калыйды) акыркы сапарга узатып жатканда Мамлекеттик катчы А.Мадумаров сөз сүйлөп: “Улуу таланттуу адамыбыз эч качан элдин жүрөгүнөн кетпейт. К.Молдобасановдун атын түбөлүккө калтырыш үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз," - деп жакшы оюн айткан эле.

Кийинчерээк мен Мадумаровго кат жаздым. Бирок, алиге чейин жыйынтык жок. Мүмкүн болсо мени кабыл алсаңыз деп кат менен кайрылдым. Тилекке каршы кабыл алган жок. Жыйынтык жок. Андан кийин менин К.Молдобасанов жөнүндөгү катым боюнча президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары, уюштуруу иштеринин бөлүм башчысы М.Ч.Садыркулов төрага болду деп уктум. Садыркуловго да кат жаздым. Кабыл алган жок. Бүгүнкү күнгө чейин бар деген же жок деген жооп жок. Жашаган үйүнө меморалдык доска койдуралы деп, Бишкектин мэри А.Ногоевге кат жаздым. Андан да жооп жок. Калый Молдобасанов Бишкек шаарынын ардактуу адамы эле. Мен болсом болгон мүмкүнчүлүгүмө жараша аракетимди жасап жатам. Бардык жерге кайрылып жатам. Кат жазып жатам. Бирок эч кандай натыйжа жок.
XS
SM
MD
LG