Бүгүн Биринчи май райондук сотунда “Каракече” көмүр кенинде 77 миң тонна көмүрдүн кайда кеткендиги тууралуу Мотуев менен чогуу иштеген бухгалтер, тоо кен инженери баш болгон он адам суралышты. Нурлан Мотуевге он төрт кылмыш иши боюнча айып тагылып, аны менен мурда чогуу иштеген он адамга кылмышка катыштыгы бар, бухгалтердик эсеп-кысапты туура эмес колдонуп, мыйзам бузууга барган, мамлекеттик казынага 70 млн. сомдон ашуун каражат зыян келтирген делип айып тагылууда. (AJ)