Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 06:46

МАДАНИЯТ ЖАНА МААЛЫМАТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНДИ


Жогорку бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразылыгын билдирип маданият министринин орун басары Асанбек Сарыбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин жарыялады. Анын мындай чечимге келишине декабрдагы Конституциянын кабыл алынышы, бийликтин бир колго өтүшү, өлкөдөгү проблемаларды чечүүдө бийликтин алсыздыгы себеп болду. Айрым байкоочулардын пикиринде, бул бийлик үчүн кооптуу белги. Ал эми маданият жана маалымат министри Султан Раев орун басарынын кызматтан кетиши Сарыбаевдин жеке көз карашына ылайык кабыл алынган чечим катары баалады.

Өз каалоосу менен кызматынан чегинген маданият жана маалымат министринин орун басары Асанбек Сарыбаевдин айтымында, мамлекет жетекчилиги мындан эки жыл мурун элге берген убадаларын аткарбай, өлкөдөгү абалды оңоого аракеттерди көрбөй келатат. Буга декабрда кабыл алынган Конституция далил, дейт Асанбек Сарыбаев:

“Президент Курманбек Бакиев элдин жашоо деңгээлин көтөрөм, өзгөрүүлөр болот деп көп убадаларын берген. Элдин көбү ошол сөздөргө ишенген, бирок тилекке каршы учурда көрүп тургандай эч нерсе өзгөргөн жок. Мен өзүм президентке, анын администрациясына жана ноябрдагы Баш мыйзамды өзгөрткөндөргө нааразымын. Албетте, эки жылдын ичинде олуттуу өзгөрүүлөр мүмкүн эмес, бирок учурдагы бийлик ушундай өзгөрүүлөрдү кылууга аракет жасабай жатат”.

Асанбек Сарыбаевдин белгилешинче, өкмөт башчы президенттен жана анын администрациясынан көз каранды болгондуктан жадагалса өкмөттүн бөлүм жетекчисин өзү дайындай албайт.

Асанбек Сарыбаев көз карашы “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун бүгүнкү күндө көтөрүп аткан талаптарына дал келгендиктен оппозициянын катарына өтүүнү туура көрдү:

“Бул фронттун программасы, талаптары менин көңүлүмө жакты. Алардын программасында бийликти бирөөгө алып берели деген ою жок, ошондой эле реформаны жүргүзөлү дегенин мен колдоп жатам. Эртең кыймылдын программасы менен дагы таанышып, андан соң өзүмдүн сунуштарымды айтам”,-деди Асанбек Сарыбаев.

Маданият жана маалымат министри Султан Раев: “Ар бир адам өзү чечет, өзүнүн көз карашы, позициясы боюнча аракет кылат”, деген пикирин билдирди.

Байкоочулардын айтымында, ушинтип бийликке наарызылыгын билдирип, өз ыктыяры менен кызматынан чегинген адамдар Кыргызстандын тарыхында сейрек учурайт. Маселен, эски бийлик учурунда ал кезде шаардын мэри болуп турган Феликс Кулов Акаевдин авторитардык режимине каршы билдирүү жасап, кызматтан кеткен эле. Бирок Кулов премьер-министрлик кызматынан ушинтип кетпегенин сынга алгандар да бар. Феликс Кулов премьер-министрликке колдоону президенттен жана парламенттен акырына чейин күтүп, кызматтан бошотулгандан кийин оппозициялык блок түздү.

Азыркы бийлик тушунда башкаруу саясатын ачык сынга алып келген, кызматын таштап кеткен Алмаз Атамбаев болду. Ал өнөр жай, тышкы соода жана туризм министрлик кызматынан кетип, оппозициялык “Реформа үчүн” кыймылын негиздегендердин бири. Алмаз Атамбаев бийлик ушундай кадамдарды күтпөй, абалды курчутпай реформаларга киришсе туура болот деген ойдо:

“Бул кадам бийлик үчүн дагы бир чоң белги. Тез арада реформа баштабаса бийликтегилердин абалы кыйын болгон турат”.

XS
SM
MD
LG