Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

ИРАК БОЮНЧА БАГДАД ШААРЫНДА ӨТКӨН КОНФЕРЕНЦИЯ - АЛГАЧКЫ ГАНА КАДАМ


Нарын АЙЫП, Прага 10-мартта Багдад шаарында Ирактагы абал боюнча ири эл аралык конференция болуп өттү, ага АКШ, Иран жана Сириянын өкүлдөрү да катышты. Жыйында - эми апрелде ушул эле маселе боюнча министрлер деңгээлинде конференция өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Жыйынга 17 өлкө жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты, алардын ичинде - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кирген бардык беш мамлекет, Ирактын кошуналары, Исламдык конференция уюму, Араб лигасы жана башка уюм менен өлкөлөрдүн дипломаттары болду. Конференция алкагында АКШ менен Иран өкүлдөрү ортосунда эки тараптуу да сүйлөшүү болот деп күтүлгөн, бирок андай жыйын өткөрүлгөн жок, анткен менен эки тарап бир-бири менен сүйлөштү.

АКШнын Ирактагы өкүлү Залмай Халилзаддын теги өзү ирандык, ошондуктан ал Иран өкүлдөрү менен фарси тилинде да сүйлөштү. "Мен ирандыктар менен конференция учурунда сүйлөштүм жана алар менен кол да алыштым, андан тышкары Ирандын тышкы иштер министринин орун басары менен эки мүнөттөй сүйлөштүм, бирок андай пикир алмашуунун баары жалпы конференция өтүп жатканда болду жана Ирак маселелерине арналды", - деп билдирди Халилзад жыйындан кийин.

Анткен менен конференциянын ачылышында Халилзад - Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушуп жаткан лашкерлерге сырттан жардам көрсөткөндөр өздөрүн Ирактын шериктери деп атабаш керек деп билдирди. Ирак премьер-министри Нури ал-Малики жана АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Саттерфилд дагы андай согушкерлерге сырттан жардам көрсөтүү токтотулмайынча абалды жөнгө салуу кыйын деп билдиришти.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи болсо - андай күнөө жөн гана АКШ аскерлеринин Иракта эч ийгиликке жете албай жатканын жашыруу үчүн айтылган сөздөр жана өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн эң биринчи кезекте чет өлкөлүк аскерлер Ирактан чыгарылып кетиш керек деп айтты. Жыйындан кийин журналисттер менен жолукканда дагы Арагчи - Ирактагы террорчулуктун күчөшүнө америкалык оккупация себеп болууда деп билдирди.

Анткен менен Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин билдиргенине караганда, жыйында Ирактагы абал менен байланышкан гана маселелер талкуулангандыктан, алдыга жылыш болгону жөнүндө айтса болот: "Талкууланган бардык маселелер Ирактагы стабилдүүлүк жана коопсуздук жөнүндө болду. Жыйында эч бир башка саясий маселе көтөрүлгөн жок", - деп билдирди министр.

Жыйынга катышкандын баары аны оң баалашты жана Ирактагы абалды кеңири талкуулаш үчүн апрелде министрлер деңгээлинде конференция өтөрүү жөнүндө макулдашты. Халилзаддын айтымында, ал жыйынга АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келүүгө макул болду.

Эксперттердин пикиринде, Ирак маселесин чечүүдө Багдаддагы жыйынды алгачкы гана кадам деп эсептеш керек жана АКШ менен Иран өкүлдөрү ортосунда анда орун алган пикир алмашуу - Ирандын өзөктүк програмалары боюнча да диалогдун башталышына көмөк болушу мүмкүн. Апрелдеги конференцияны Ыстамбул же Каир шаарларында өткөрүү жөнүндө сунуш айтылды, бирок ирандык өкүлдөр - кайрадан Багдадда чогулуш керек деп билдиришти жана бул маселе кийин чечилмей болду.

XS
SM
MD
LG