Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТ ЧЕЙНИ ИРАКТАГЫ СОГУШТУ УЛАНТУУ ЗАРЫЛДЫГЫН КАНТИП ТҮШҮНДҮРДҮ?


12-мартта вице-президент Дик Чейни Конгресстин Ирактагы согушту чектөө аракетине байланыштуу Ак Үй администрациясынын аргументин билдирди. Конгресстин демократтар контролдогон эки палатасы: Сенат жана Өкүлдөр жыйыны Ирактагы аскерлерди каржылоону чектөөнү же аларды чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн тактоону талап кылууда. Чейнинин айтымында, азыр аскерлерди уруш талаасынан чыгарып кетчү эмес, душманды талкалоочу мезгил.

Вице-президент Дик Чейни АКШ өкмөтүнүн Ирактагы согушка байланыштуу аргументин Америкалык-израилдик коомдук иштер комитетинде ачыкка чыгарды. Ал Иракка дагы 21, 5 миң аскер жөнөтүлүп жатканын, алар Багдадда бир жылдан ашуун убакыттан бери жүрүп жаткан диний жаатташууну токтотуу аракетинде экенин белгилеп, урушту ийгиликтүү жүргүзүү үчүн Конгресстен президент Буш кошумча сураган 100 миллиард долларды бекитип берүүнү сураарын айтты.

Чейнинин сөзүнчө, Конгресстин лидерлери Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү АКШнын кызыкчылыгына жооп берет деген “мифке” азгырылышууда:

- Айрымдар жумуш аягына чыкпай жатып, Ирактан чыгып кетүү Американын терроризмге каршы күрөштө каруусуна чындап эле кубат берет деп ишенишет. Бул миф коркунучтуу, анткени – бул ал- Каиданын стратегиясын ырасмий таануу болот. Террорчулар бизди бетме-бет чыгып, эч качан жеңе алышпайт. Алар ага умтулбайт да. Биздин нервибиз бошошуп, өз миссиябызга кол шилтеп койгондо гана террорчулар бизди жеңе алат жана алар бизди ошондой жолго мажбурлай алабыз деп ишенишет.

Чейни андан ары сөзүн улай, жеңишке жетпей жатып, Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү АКШ эмес, Жакынкы Чыгыш үчүн да коркунучтуу экенин белгиледи. Анткени, бийликтеги байистүү саясатчылар Ирак колдогон шиит экстремисттери менен алмаштырылат жана алар өлкөнү контролдоо үчүн ал-Каида колдогон сунни экстремисттерине каршы согушту күчөтөт. Андан кийин каражатка карк ирактык террорчулар кыргын салчу куралга ээ болуп, дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч туудурат деди Дик Чейни:

-Эгер суннилер үстөмдүккө жетишсе, ал-Каида жана анын союздаштары Ооганстанда жоготкон баш паанегин табышат. Андан тышкары мол мунайды пайдаланышып, кыргын салчу курал жасагандын далалатын кылышат жана террорчулук максаттарын, анын ичинде Израилди кыйратуу убадасын дагы тастыкташат. Эгер Ирандын союздаштары үстөмдүккө жетишсе, режимдин жана Тегерандын Жакынкы Чыгышта көздөгөн максаты ишке ашат жана биздин региондогу досторубузга болгон коркунуч өсөт.

Вице-президент Чейни ислам согушчандары өз идеологиясын жайылтууда Интернет сыяктуу алдыңкы технологияны пайдалангандыктан Батыш баалуулуктары үчүн да коркунучтуу экенин эскертти.

Чейнин аргументтери АКШ менен Израил ортосундагы байланышты колдогон Америкалык-израилдик коомдук иштер комитетинде жактыруу менен кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG