Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

КЫРГЫЗСТАНДЫК 24 АВИАКОМПАНИЯГА ЕВРОПАДАН УЧУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Европа Биримдиги Кыргызстанда катталган 24 авиакомпанияга Европа аймагынан учуп өтүүгө тыюу салды. Мындай маалыматты Европалык Комиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү боюнча өкүлчүлүгү тараткан.

Еврокомиссия былтыр күзүндө “Кыргызстанда каттоого алынган 27 авиакомпания учуу коопсуздугунун негизги талаптарына жооп бербейт” деп маалымат тараткан. Ошондуктан ал компаниялардын учактарына Европанын 25 өлкөсүнүн аба мейкиндигинен учууга тыюу салынган. Бир эле Кыргызстандагы авиакомпанияларга эмес Азия жана Африка континенттеринде каттоого алынган жүздөн ашуун авиакомпанияга өз аймактарынан учууга улуксат беришпей турганы интернет аркылуу кабарланган.

Андан бери Кыргызстанда катталган 6 авиакомпания жоюлуп, дагы үчөө жаңы түзүлгөн. Март айында Европалык Биримдик Кыргызстандын 24 авиакомпаниясына, ал түгүл Орусиянын 9 авиакомпаниясына тыюу салган чечимин дагы күчүндө калтырды.

Өлкөнүн граждандык авиация департаментинин директорунун орунбасары Алымбай Абакировдун маалыматына караганда, бул жагдайды Европалык комиссия өз аймагына бөтөн өлкөлөрдүн учактарын учурбоо саясаты катары түшүндүрдү. Евробиримдик эмне себептен 24 авиакомпанияга тыюу салганын толук түшүндүрө элек. “Расмий кат алгандан кийин гана бул жагдай боюнча өз пикирибизди билдиребиз,”- дейт Алымбай Абакиров.

Өлкөдөгү “Эсен-эйр” авиакомпаниясынын президенти Бегалы Наргозиевдин айтымында, Европалык комиссиянын өкүлдөрү өлкөдөгү авиакомпаниялардын документтери, иши менен жакындан таанышпай туруп сыртынан тон бычып, иши илгери жүрүп жаткан авиакомпанияларга карата туура эмес бүтүм чыгарып, аба каттамдарынан атаандаштарын “маданияттуу шылтоо” менен сүрүп салууда.

Көз карандысыз эксперт Канат Исаевдин баамында, алар Европадагы ири авиазаводдордун учактарын сатуу, алар менен гана келишим түзүү максатын көздөп, аба мейкиндигине өз монополиясын орнотууну көздөгөн чечим.

“Ошондуктан Орусия, Казакстан өлкөлөрү менен биримдикте Евробиримдиктин курамына кирген мамлекеттердин авиакомпанияларына өз аймактарынан учууга тыюу салуу менен тең ата мамилени орнотуу зарыл”,- дейт Канат Исаев.

Өлкөнүн биринчи вице- премьер министри Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева жетектеген “Итек эйр” авиакомпаниясы да Евросоюздун кара тизмесине түшкөн. Бирок Данияр Үсөнов бул авиакомпания аялына таандык экенин маалымат каражаттары аркылуу танып келүүдө.

“Евробиримдиктин кара тизмесине түшүү Кыргызстанды дүйнө жүзүнө антиреклама кылып, башка авиакомпаниялардын ишине кедергисин тийгизип, Европа аймагынан уча албай калдык. Ошондуктан өлкөнүн граждандык авиация департаменти мындай кара тизмеден авиакомпанияларды чыгаруу үчүн аракет кылуусу зарыл”,- дейт “Эсен-эйр” авиокомпаниясынын президенти Бегалы Наргозиев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG