Саясий талаптардын туусун өткөн жылы «Реформа үчүн» кыймылы көтөрүп чыкса, быйылкы жылы «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» оппозициялык Бириккен фронт сап алдына чыгууда.
Фронт коюп жаткан талаптар өткөн жылы кыймыл койгон талаптарга негизинен окшош. Бирок былтыркыга караганда бийлик, кыймыл жана фронттун курамындагы таасирлүү саясий фигуралардын позицияларында өзгөрүүлөр бар. Маселен, фронттун лидери Феликс Кулов өткөн жылы бийликте болсо, азыркы учурда оппозициянын башында турат.
Былтыркы толкундоолордун башында турган Алмаз Атамбаев болсо учурда фронттун талаптарына кошулаарын айта элек. Ошондой эле «Реформа үчүн» кыймылына кирген депутаттар Муратбек Мукашев, Сайдилла Нышанов, Дооронбек Садырбаев, саясатчы Эдил Байсалов да ушундай позицияда калууда. Бирок буга карабай Бириккен фронт 11-апрелге мөөнөтсүз митинг башталаарын жарыялады. Мына ушундай шартта бийлик менен оппозиция мунаса таба алабы?
«Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Темир Сариев маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн деп, ал үчүн мындай кадамдар жасалыш керек дейт:
"9-ноябрда кабыл алынган Конституцияга кээ бир өзгөрүүлөр менен кайра келишибиз керек. Бул биринчиден. Экинчиден, элдик эл ишенген, бардык саясий күчтөр камтылган өкмөт тузүп, ага толук ыйгарым-укуктарды беришибиз керек. Ал өкмөт бир-бир жарым жылдын ичинде бардык реформаларды жасаш керек".
Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев конституциялык реформа тууралуу талаптарга мындай жооп берет:
"Булар конституциялык реформа деп атпайбы, бирок конституциялык реформа болду да. Оппозициянын негизги талаптары боюнча бизде жакынкы күндөрдө кандайдыр бир позиция иштелип чыгат".
Шакиевдин айтымында, президент 17-мартта Аксыга барып ошол жерде да оппозиция өкүлдөрү менен да кезигишүүгө даяр болууда.
Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн коалициялык өкмөт түзүү максатка ылайыктуу деген пикирде:
"Албетте, коалициялык өкмөт түзгөнгө барыш керек. Бирок аны кандай түзүүнүн принциптерин, саясатын, философиясын алдын ала тактап алыш керек. Ансыз бул өкмөттүн, бул бийликтин күндөрү саналуу".
Бакыт Бешимовдун пикиринде, андан соң коррупция, жеке адамдын бийлигине тоскоолдук кылчу бийлик системасын түзүүгө киришүү зарыл. Аны болсо ноябрь айындагы конституцияга кайрылуу менен чечүүгө болот.