Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

18:04 Жалалабат облусунун бир топ райондорунда Бириккен фронттун өкүлдөрү бар


Облустун борбору менен Кочкората, Ташкөмүр, Каракол шаарларында жана Токтогул, Алабука райондорунда Бириккен фронттун бирден өкүлдөрү иштеп жатат. Алардын айрымдарын белгисиз адамдар "Агым" гезитине жарыяланган телефондор аркылуу коркутуп-үркүтүшүүдө. Мындай маалыматты 13-мартта Бириккен фронттун курамындагы "Арнамыс" партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында, Бириккен фронттун Каракөл шаарындагы өкүлүнө беймаалым адамдар Бириккен фронтко кошулган "Ар Намыстын" мүчөсү экенсиз, кызматта иштеген балаңыз тууралуу ойлоносузбу?" деп ар ынгайсыз суроолорду беришкен. Партиянын Токтогул районундагы координаторуна да Бишкек жактан үч ирет коркуткан телефон чалуу болгон. Облустук бийлик менен облустун тармактык кызматтары телефон чалууларга тиешеси жоктугун билдиришип, Бириккен фронттун бөлүмдөрү бар экендигин жокко чыгарышты. (YA)

XS
SM
MD
LG