Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

АКСЫ ОКУЯСЫНЫН СЫРЫН ПРЕЗИДЕНТ 17-МАРТТА АЧАБЫ?


17-мартта Боспиек айылында Аксы окуясынын беш жылдыгын эскерүү иш-чарасына президент Курманбек Бакиев да бармай болду. Бүгүн президент укук коргоочулар менен болгон жолугушууда ушундай убадасын берди. Ушул эле күнү Баш прокурор Камбаралы Конгантиев президент менен акылдашып, Аксы окуясына байланышкан кылмыш ишин кайра кароо чечими кабыл алынганы маалым болду. Былтыр укук коргоочулардын Аксы окуясы боюнча кылмыш ишин кайра кароо аракеттеринен майнап чыкпай калган.

Мындан беш жыл мурда 17-март күнү Аксы районунун Боспиек айылына чогулган эл мурдагы бийликке нааразычылыгын билдирип, камакта жаткан Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен чыгышкан эле. Анда укук коргоо органдары менен чогулган элдин ортосунда кагылышуу чыгып, беш адам курман болуп, бир канчасы жаракат алышкан.

Бүгүн бир катар бей өкмөт уюмдарынын жетекчилери президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, ошол Аксы окуясы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, президентти 17-мартта Боспиек айылында өтө турган эскерүү иш-чарасына катышууга үндөштү. “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ырасташынча, президент мындай сунушту дароо колдоого алды:

- Аксы окуясы бул улуттук трагедия. Ошондуктан президентти да чакырдык. Аксылыктар менен оппозиция да эл аралык уюмдар да чогуу болсун дедик. Президент өзү да ушундай деп чакырды.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова, мындан беш жыл мурда Аксы окуясы боюнча көз карандысыз комиссия түзүлгөнүн, анда башкы күнөөкөрлөрдүн катарында Курманбек Бакиевдин ысымы аталганын, ал документтер бүгүнкү күнгө чейин сакталып турганын билдирди:

- Көз каранды эмес коомдук комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын курамында жети адам болгон. Биз Аксыга барып сегиз күн бою изилдөө жүргүзгөнбүз. Ошонун жыйынтыгында биз жыйырма үч адамды күнөөлүү деп тапканбыз. Биринчи эле тизме президент катары Акаевден башталган. Экинчи күнөөкөр деп ошондогу премьер-министр Курманбек Бакиевдин аты аталганы чын. Ал комиссиянын документтери бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Мен анын мааниси бар деп ойлойм.

Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, Башкы прокуратуранын Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин жаап салганын туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында президент жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолуккандан кийин прокуратуранын мындай чечимин буздуруп, кайрадан кылмыш ишин козгоого көрсөтмө берди:

- Буга чейин мына Камбаралы Конгантиев тарабынан өтө чоң туура эмес иштер жасалды. Аксы окуясын кылмыштуулуктун эч кандай негизи жок деп жаап коюптур. Эч кимдин күнөөсү жок, мылтык туура атылган, Аксылыктар туура өлгөн деген чечим да. Эми бул чечим менен президент же өзүлөрү Аксыга барса эмне болот эле? Аларды барымтага алып коюшмак. Анан прокурордун ошол чечимин кечээ буздурду, президент өзү кийлигишти. Азыр кайрадан башкача чечим кабыл алынып атат.

Ал эми Баш прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев, бүгүн Аксы окуясы боюнча кылмыш иши кайрадан козголгонун ырастады:

- Бүгүн депутат Азимбек Бекназаровдун жана бейөкмөт уюмдардын кайрылуусу менен Аксы окуясы боюнча дагы тергөө иштерин жүргүзүүгө жол ачылып атат.

Ошондой эле президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, Аксыга президент менен кошо укук коргоо органдары да барып, бул иш боюнча эл алдында маалымат беришерин ырастады.

XS
SM
MD
LG