Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:12

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ РИМ ПАПАСЫ МЕНЕН КЕЗДЕШЕТ


Орусия президенти Владимир Путин 13-мартта Италияда башталып жаткан визити учурунда Ватиканга да барып, Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Бенедикт XVI менен кездешет. Орус – провослав жана Рим-католик чиркөөсүнүн ортосунда узактан берки талаш-тартыштар бар. Андыктан бул жолугушуу эки чиркөөнүн мамилеси жылый баштагандыгынын белгиси ирээтинде каралууда.

Рим – католик чиркөөсүнүн мурдагы башчысы Иоан Павел II Ватиканда 26 жылдан ашуунга созулган кызматы учурунда дүйнөнүн 120дан ашуун өлкөсүнө барган. Бирок ири мамлекеттердин экөөсү: Орусия менен Кытайда болгон эмес. Кезинде СССРдин президенти Михаил Горбачев жана Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельцин Папа
Иоан Павел IIни Орусияга келүүгө чакырышкан экен. Ал эми Путин Рим -католик чиркөөсүнүн мурдагы башчысы менен 2000, 2003-жылдары эки ирээт кездешкен. Бирок, мындай чакырыкты кайталаган эмес. Эки чиркөөнүн ортосунда тарыхы кылымга созулган талаш-тартыштар бар. Маселен, Орус-проваслав чиркөөсү рим-католиктерин салттуу түрдө алардын таасирине кирген аймактардын тургундарын өз тарабына тартууну көздөп келгени үчүн айыптап жүрөт. Албетте, Ватикан мындай кинеге макул эмес. Эки ортодо ошондой эле мүлккө байланышкан талаштар да бар. Бирок 2005-жылдын жазында Папанын тактысына Бенедикт XVI келгенден бери мамиле бир аз жылым тарта баштагансыйт. Андан бери Ватикандын жогорку даражалуу өкүлү Орус –проваслав чиркөөсүнүн башчысы Алексий II менен кездешип кеткен. Президент Путин болсо рим-католиктеринин азыркы лидери менен алгачкы ирээт жолугууда. Андыктан биринчи кездешүүдө эле понтификти Орусияга чакырбачыдай.

-Менимче Ватикан диний диалогдун шартынан караганда, бул жолугушуудан көптү деле күтпөйт. Путин менен Папанын жолугушуусу эки чиркөөнүн болочоктогу кездешүүсүнө жардам кыларына ишене албайм. Папа Орус –проваслав чиркөөсү менен алака –катышты Алексий II жана Москва Патриархаты аркылуу түздөн –түз өнүктүрүүнү улантат. Горбачев сыяктуу Путин понтификти Москвага келүүгө чакырат деп ойлобойм,-дейт италиялык гезиттердин биринин Ватикандагы кабарчысы Паоло Родари.

Анткен менен эки чиркөөнүн пикири орток чыккан маселелер да жок эмес.Эки чиркөө тең секуляризмдин, радикал исламдын күчөшүнөн чочуйт. Италиялык журналист Родаринин пикиринде, Путин Ватиканга Орус-проваслав чиркөөсүнүн өкүлү эмес, мамлекет башчысы катары келүүдө. Андыктан талкууланчы маселе ар кыл:

- Ал жана Папа Орусияга, Исламга, Косово, Чеченстан жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланышкан маселелерди талкуулайт. Менимче, талкуу динге караганда, эл аралык саясат жөнүндө көбүрөөк болот.

Орус президенти менен Рим–католик чиркөөсүнүн башчысынын жолугушуусуна байланыштуу белгилей кетчи дагы бир жагдай, алар немисче сүйлөшсө керек. Папа Бенедикт XVIнын улуту немец. Путин болсо КГБнын кезинде Чыгыш Германияда иштеген мурдагы кызматкери катары немец тилин жакшы билет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG