Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

КРЕМЛЬ БШКнын ТӨРАГАСЫН ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЫЗМАТТАН АЛДЫ?


Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясын 1999-жылдан бери жетектеп келген Александр Вешняков кызматынан бошотулду. Президент Путин жаңы дайындаган беш адамдын ичинде 55 жаштагы Вешняков жок. Комиссиянын калган он мүчөсүн Мамлекеттик Дума жана Федерациялар Кеңеши көрсөтөт. Москвалык серепчи Алексей Макариндин пикиринде, Кремль декабарда болчу парламенттик жана келерки жылы өтчү президенттик шайлоолордун алдында БШКнын башчылыгына ийкемдүү бирөөнү койгонду жөндүү көргөн.

Сенатор Леонид Биндардын сөзү менен айтканда, “Александр Вешняков Россиянын шайлоо жараянынын өнүгүүсү үчүн өтө чоң салым кошкон кесипкөй болгону менен, бир орунда түбөлүк отурган жарабайт”.

Вешняковдун төрагалыктан бошотулуу себеби жөнүндө Кремль эч кандай түшүндүрмө бербеди. Болбосо, Россиянын мыйзамы БШКнын төрагасынын кызмат мөөнөтүн чектебейт.

Маалымат агенттиктери Думанын мүчөлөрүнө шилтеп, Вешняков үзүрлүү иштегенин жана салт боюнча ага жооптуу кызмат сунуш кылана турганын кабарлашты.

БШКнын мурдакы төрагасы Николай Рябов 1996-жылы Борис Ельцин кайра президент шайлангандан кийин Чехияда, андан соң Азербайжанда элчилик кылган.

Вешняков өзү төрагалыктан кетсе, ал үчүн “трагедия” болбосун айтканы бар.
Бирок, көпчүлүк серепчилер үчүн Кремль менен өнөктөш Вешняковдун кызматтан четтелиши күтүүсүз окуя болду. Алардын бири Москвадагы Саясый технологиялар борборунун аналитиги Алексей Макарrин. Анын пикринче, Кремль декбарда болчу парламенттик жана келерки жылы өтчү президенттик шайлоолордун алдында БШКнын башына «элпегирээк” бирөөнү коюуну оң тапкан көрүнөт:

-Менин баамымда, Кремль президенттик шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын өнөктөш болгонунун кереги жок деп чечкенге байланыштуу Вешняков кызматтан алынды. Ал дымактуу, кандайдыр бир деңгээлде өзүм билги, өз карашын ачык айткан Кремлдин өнөктөшү болчу. Кремль үчүн добуш берүүнү уюштуруп, ага көз салчу комиссиянын башында бир кыйла көз каранды жана дымагы жок адам керек.

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 26-мартта ишке киришет. Алар адегенде төраганы, анын орун басарын жана катчыны шайлашат. Төрага ким болот, азырынча белгисиз. Ал эми президент Путин дайындаган беш адамдын бири азыркы курамдан. Ал- Василий Волков.

XS
SM
MD
LG