БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иранды кысмакка алып, уранды байытууну токтотуу багытында дагы бир кадам жасаганы калды. Иранга мурдакыдан да катаал чара колдонуу боюнча береги алты өлкө бир мунасага келгени калганы, талкууга эми Коопсуздук Кеңешинин вето укугу жок он мүчөсү да тартылаары маалымдалды. Бул кабарды Франциянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жан-Марк де ла Сабльер ырастады:
- Кооопсуздук Кеңешинин башка мүчөлөрүнө: ырас, биз бир бүтүмгө келгенге жакынбыз, биз алдыга чоң жылыш жасадык, деп 13-мартта эртең менен кабарлай алабыз деген үмүттөмүн.
Коопсуздук Кеңеши былтыр 23-декабрда Ирандын ядролук материалдар менен технологияны сатып алуусуна чектөө киргизип, ирандык айрым ырасмий адамдардын жана ишкерлердин чет өлкөлөрдүн банкатарындагы акчаларын камакка алууну же”тоңдурууну” милдеттендирген.
Кеңештин вето укугу жок он мүчөсүнө, ла Сабльердин сөзүнө караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берилип турганы менен, алар жабык эшик артында өтүп жаткан талкууга катыштырылбайт.
Британиянын элчиси Эмир Жонс Пэрри да шаршемби күнгө Иранды ийге салуу боюнча резолюциянын долбоору даяр болуп калат деген үмүттө экенин айтты:
–…биз эртең кайра кездешип, келечекте эмне кылуу керек экенин ойлоштурабыз. Текст пайда болууда жана анын мазмуну бир кыйла олуттуу болот. 13-мартта бүтүндөй резолюцияны даярдап бүтөйүн деп калабыз.
Кошмо Штаттардын элчисинин милдетин аткаруучу Алесандро Вольффтун айтышынча, жаңы резолюция Иранды жазалоону эмес, аны сүйлөшүүгө катыштырууну көздөйт:
-Акыр аягында биздин каалаганыбыз: Иранды жазалоо, ага зыян келтирүү эмес, өлкөнү кайра нукка салуу жана өзү орноткон курчоодон чыгууга жардамдашуу.
Ал эми Кытай элчиси- алтылык Ирандын куралдын кадыресе түрлөрүн сатуусуна жана өлкөгө өкмөттүк кредиттерди берүүгө тыйуу салалы деп макулдашканын билдирди.