Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

ОРУСИЯ ИРАНГА ӨЗӨКТҮК ОТУНДУ АЗЫРЫНЧА ЖӨНӨТПӨЙ ТУРГАН БОЛДУ


Орусия, өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Иранга өзөктүк отунду, мурда белгиленгендей, ушул айда жөнөтпөйт. Бул алардын ырастоосунда, Тегеран курулушун Орусия жүргүзүп жаткан Бушер атомдук электростанциясы (АЭС) боюнча төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөнүнө байланыштуу. Орус маалымат каражаттары ошондой эле Москва Иран уран байытууну токтотуу жөнүндөгү эл аралык талапты моюндабаганына капа экенин кабарлоодо. Анткен менен бул жерде Орусиянын чечиминен башка нерселер да болушу мүмкүнбү?

Орусиянын Ирандагы Бушер атомдук электростанциясын куруп жаткан малекеттик ишканасы- "Атомстройэкспорт ушул айда Бушерге өзөктүк отун жөнөтүлбөшү менен катар АЭСтин биринчи энергоблогун ишке киргизүүнүн мөөнөтү да кийинкиге калтырыларын билдирди. Мурда бул иш ушул жылдын сентябрына белгиленген эле. Орусиялык тараптын ырастоосунда, маселе Иран төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөнүнө байланыштуу. Тегеран болсо жогорудагыдай ырастоону төгүндөп, жалпы наркы 1 миллиард долларга эсептелген контракт боюнча милдеттемелерин учурунда аткарып жатканын айтууда.

Ирандык өкүлдөрдүн ырастоосунда, Москва маселени саясатташтырып, өзөктүк прогрммасынан улам Тегеранга мамилени катаалдантууга багытталган эл аралык кысымга моюн сунууда. Батыш Иран өзү тынчтык максатта гана деп мүнөздөгөн программасына жамынып, атомдук бомба жасайт деп кооптонот.

- Иранды ынандыруу, ага жаңы жолдорду сунуш кылууга негизделген аракеттер оңунан чыкпоодо. Натыйжада Орусия Иранды коргогон жана Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин бузууга даяр өлкөнүн абалында калууда. Бул, албетте, Орусиянын эл аралык беделине кызмат кылбайт,- дейт орусиялык аскерий эксперт Александр Гольтц.

Белгилүү болгондой, Орусия Иранга Бушердеги АЭСти курууда жардам көргөзүү, курал сатуу, уран байытууну токтотпогону үчүн БУУ ага каршы буга чейин киргизген санкцияларды жумшартуу аркылуу АКШ менен анын өнөктөштөрүн жээрип келген.

Эми Бушер долбоору боюнча иштердин белгисиз мөөнөткө калтырылып жатышын көптөр Тегерандын МАГАТЭ менен кызматташпаганына Орусиянын нааразылыгы күчөгөндүгүнүн белгиси катары карашууда.

Ушул дүйшөмбүдө Орусиянын маалымат агенттиктери ысымы аталбаган булакка шилтеме берип, Орусия Тегеранды колдоодон баш тартышы мүмкүн экенин жазышты. Ал аты аталбаган өкүлдүн айтымында, Иран Орусиянын жакшы санаалаштыгын кыянат пайдаланып, өлкөнүн эл аралык беделине шек келтирди.

Иван Сафранчук АКШда жайгашкан уюм - коргонуу маалыматтары боюнча борбордун Москвадагы кеңсесинин башчысы. Ал Орусия Иранга өзөктүк отунду жиберүүнү азырынча токтотуп жатышын төмөнкүчө чечмелейт:

-Орусия үчүн Ирандын МАГАТЭ менен толук кызматташуусу өтө маанилүү. Орусия Иран МАГАТЭнин ак ниеттүү мүчөсү болмоюнча Орусия аны менен кызматташа албайт. Андыктан, Иран өзү бир нече ирет билдиргендей, анын МАГАТЭден чыгып кетерине тобокелчилик бар кезде, Орусия Иранга өзөктүк отун жөнөтө албайт. Анткен менен бул Иранга каршы санкциялар боюнча баардык сунуштарды автоматтык түрдө колдойт дегенди туюндурбайт.

Айтор Орусиянын Бушер АЭСиндеги ишти убактысынча токтотуу жөнүндөгү жарыясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин баардык 15 мүчөсү Иранга каршы кошумча санкциялады киргизүү маселесин талкуулар алдында туш келди. Дүйнөнүн алты ири державасы жаңы санциялар боюнча резолюциянын долбоорун Коопсуздук кеңешине бүгүн, 14- мартта сунуш кылары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG