"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аналитиги Вахид Сепехринин баамында, саясий күчтөрдөгү орун которуштуруулар 2005-жылдын соңунда бийликтен кол жууган реформачылар өзүлөрүн өкмөттүн оппоненти катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан учурда орун алды. Бул өз кезегинде реформачылардын, өлкөнүн мурдагы президенти, экономикада либералдуулукту жактаган Али Акбар Хашеми Рафсанжанинин айланасындагы борборчул күчтөр менен биригүүсүнө шарт түзүүсү мүмкүн. Азыр Рафсанжани өлкөнүн бийлик органдары ортосунда арбитрдик милдет аткарган Жөндүүлүк кеңешин башкарат жана өкмөттүн башкы сынчыларынын бирине айланып жаткан кези.
Маселен, ал 5-мартта Тегеранда сүйлөгөн сөзүндө өкмөттүн экономикалык саясатын кескин сынга алды. Байкоочулар муну экс-президенттин болочокто саясаттын чордонуна кайтып келерин ишарат кылган окуя ирээтинде баалашты. Рафсанжанинин ошондо айтканына караганда, өкмөттө өз убадаларын аткаруусу үчүн жетиштүү эле убакыт болду. Ал эми өзү жетектеген Жөндүүлүк кеңеши өкмөттүн чечимдери жана короткон каражаттары өлкөнүн мурда белгиленген өнүгүү планында каралган милдеттерге жана өлкө Констициясынын 44 -беренесине ылайык келер- келбесин кылдат текшерерин убада кылды. Иран Конституциясынын ал беренеси өлкөдө кеңири масштабда менчиктештирүүнү жүргүзүүгө жол ачат экен.
Соңку кездери өлкө ичинен дарегине айтылып жаткан сын президент Махмуд Ахамдинеджадды көңүл бурдурбай койгон жок. Ал 7-мартта сүйлөгөн сөзүндө өзүнө каршы "кеңири майдан ачылганын" айтты. Маалымат агенттиктеринин жазганына карганда, бул үчүн мурдагы артыкчылыктары менен коомдук корлорун жоготкон адамдарды айыптап, алар азыр мурдагыдай болуп миллиондогон туманды ( улуттук акча) "бул банктагы түкүнчө эсепке эсепке котор" деген буйрукту телефон аркылуу бере албай калганын белгиледи. Белгилүү бир адамдар өзү башкарган мекемелеринде коррупцияга каршы күрөшө албаганын айтып өттү. Ал эми менчиктештирүү боюнча соңку иш аракеттер эрежесиз, ортомчулар аркылуу ишке ашып, ишин жоготкон жумушчулардын дарбаза сыртынан айлыгын сурап калышына алып келгенин кошумчалады.
Ирандын азыркы президенти Ахмадинеджад менен мурдагы президенти Рафсанжани соңку президенттик шайлоодо негизги атаандаштардан болушкан эле.
Бул аралыкта өкмөттүн саясатына тыкыр байкоо саларын Ирандагы реформачыл күчтөрдүн өкүлдөрү да билдирүүдө. Алар да Ахмадинеджаддын өкмөтүндө убадаларын орундоо үчүн шарт болгонун, эми эки жылдан соң узак мөөнөткө эсептелген экономикалык максаттарды канчалык орундаганын коомчулукка түшүндүрүп бере аларын белгилеп жатышат.
Реформачылардан мурда ички иштер министри болгон Абдулвахид Мусави Лари алар азыр алдыдагы парламенттеги шайлоону утурлай "ылайыктуу саясатчылар менен натыйжалуу идеялардын тегерегине" биригиши керек деп эсептейт. Айтор 2005-жылы бийликти алдыргандан бери реформачылар өкмөттүн саясатын этияттык менен сындап келишкен эле.
Өлкөнүн мурдагы президенти Рафсанжани да соңку эки жылдан бери реформачыларга ыктаганы үчүн, ашынган радикал -оңчулдардын каарына кабылган. Андыктан шайлоо алдында ал реформачылар айланасына баш кошо алатурган саясатчы болушу ыктымал. Бирок бул биригүүлөр такталып, президенттик жана парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси түзүлө баштаганда гана анык болот.