Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

ОППОЗИЦИЯДА БИР ПОЗИЦИЯ ЖОК


Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 21-мартта өлкө башчысы Курманбек Бакиев «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө. Аталган кыймылдын мүчөлөрү алдыдагы маанилүү жолугушуу боюнча кайчы пикирде болушууда. Кыймылдын штабынын координатору Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, алдыдагы жолугушуу болбой калышы мүмкүн. Анткени, «Реформа үчүн» кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев кыймылдын башка мүчөлөрү менен кеңешпей, өзү билемдик кылып президент менен жолугушууну макулдашкан. Ал эми Алмаз Атамбаев президент менен жолугушууну «Реформа үчүн» кыймылдын штабы эмес, ага кирген партиялардын сегиз лидеринен турган Кеңеши чечерин билдирди.

«Реформа үчүн» кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев президент Курманбек Бакиев менен 21-мартта болуучу жолугушууну өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалдан чыгуунун бир жолу катары баалады.

"Чындыгында мындай жолугушуулар керек. Бышып жетишкен проблемалар көп. Өзгөчө Конституциялык реформа. Саясий реформалар. Кадр реформалары. Ошонун баарын сүйлөшөбүз. Биздин талаптар баякы эле эски талаптар болот."

Атамбаевдин ишениминде президент Бакиев жолугушуудан кийин буга чейин «Реформа үчүн» кыймыл тарабынан коюлуп келген реформаларга барат. Ал ошондой эле алдыда болуучу президент менен жолугушуу тууралуу «Реформа үчүн» кыймылдын Кеңешине кирген «Атамекен» партиясынан Текебаев менен Шерниязовго, «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынан Бешимовго, «Асабадан» Бекназаровго айтып кеңешкенин, дүйшөмбүдө аталган кеңеш жыйын өткөрүп, бир чечимге келишерин маалымдады.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын штабынын координатору Өмүрбек Абдырахманов теңтөрага Алмаз Атамбаевдин бул аракетин өзүм билемдик катары баалап, кыймылдын башка мүчөлөрү президент менен жолугушууга каршы экендигин билдирди.

"Президент эгерде «Реформа үчүн» кыймылы менен чындап эле жолугушкусу келсе, «Мен силерди жолугушууга чакырам» деп жашырбай эле ачык элге угузуп айтышы керек. Биз бул маселени штабда талкуулап, эгерде макул болсок «Реформа үчүн» кыймылдан кимди жолугушууга жиберебиз деп кыймылдын мүчөлөрү жалпы чечиши керек. Ал эми Алмаз Атамбаев болсо президент менен резиденцияда көп жолугушуп жүрөт деп угабыз. Анын президент менен кайсы жерде, кандай шартта жолугушкандыгына биздин каршылыгыбыз жок. Бирок ушул «Реформа үчүн» кыймылдын атынан сүйлөп, жолугушууга макул болуп. Ага ким барып, ким коерун чечип койгону таптакыр туура эмес."

Абдырахманов белгилегендей, эгерде президент менен жолугушуу демилгеси Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, ал кыймылдын атынан өз билемдигин кылса, 21-мартка белгиленген жолугушуу болбойт. Алмаз Атамбаев болсо Абдырахмановдун пикирине макул эмес.

«Реформа үчүн» кыймылдын сегиз кишиден турган Кеңеши бар. Жолугушууга барар-барбасыбызды өзүбүз чечебиз. Аны Абдырахманов чечпейт,"-деди Алмаз Атамбаев.

«Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын лидери Кубат Байболов президент менен болуучу жолугушууну маалымат каражаттарынан укканын, кыймылдын сегиз кишиден турган кеңеши жок экендигин айтты.

«Реформа үчүн» кыймылынын структурасынын ичинде сегиз кишиден турган Кеңеш жок. Чогуу отуруп ал маселе боюнча талкуулаган да жокбуз. Менимче ал Атамбаевдин эле оюу болуш керек."

«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо бул демилге президенттен чыкканын, болжолдонуп жаткан жолугушуу боюнча «Реформа үчүн» кыймылы өз ара сүйлөшүп, бир пикирге келишкенден кийин, анын форматын такташаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG