Өткөн ишембиде – 10-мартта Улуттар Уюмунун атайын чабарманы Марти Ахтисаари Косоводогу абалды жөндөп, каршылашкан тараптарды табыштырууга үмүт калбай калды деген болчу.
Бирок Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Европа жана Азия иштери боюнча орунбасары Даниэл Фрейд айым Белград менен Косоводо болуп кайткандан кийин Ахтисааринин андай чөгүнкү маанайына кошулбастыгын билдирди
- Башкысы Косовонун тургундары чын дилинен мунасада жашоону каалашат. Бирок алар дале болсо бири-биринен чочулап турушат. Ишеним биротоло бекемделе элек, бирок ошентсе дагы алар Ахтисаари баштаган иш аягына чыгаарына ишенишээрин билдиришти, - деди Даниэл Фрейд.
13-мартта Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйыны учурунда Фрейд ал анын Балканга сапары 5-мартта Белграддан башталганын жана ал серб коомчулугу менен, кийинчерээк президент Борис Таджич, премьер-министр Воджислав Коштуница менен жолукканын айтты:
- Белградда мен серб коомчулугуна Кошмо Штаттары жана трансатлантика уюму Сербияны келечекте биздин үйбүлөнүн жана жалпы ынтымагыбыздын бир бөлүгү катары көргүбүз келээрин айттым. Косоводогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ийгиликсиз болуп турганда биз Сербиясыз Европаны бүтүн, эркин жана бейкут аймак катары кабыл ала албайбыз.
Ал Ахтисаари менен Белградда эмне тууралуу сүйлөшкөнүн тактабаса дагы, Сербиянын эки лидерине Улуттар Уюмунун атайын чабарманы даярдап жаткан документке дагы да болсо сунуштарды берүүгө кеч эместигин билдирди. Ахтисаари өзүнүн Белградга жасаган сапарынан кийин атайын документ топтоп, аны Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ки Мунга жакын арада тапшырмакчы.
Косово болсо ал аралыкта көз карандысыз мамлекеттин атрибуттары болгон өзүнүн Конституциясына, туусуна жана армиясына ээ болууну көздөп жатат. Ага кошумча эларалык уюмдарга өз алдынча мүчө болуу укугуна ээ болууну да көздөйт. Фрейддин айтымында, албан лидерлери ага өздөрүнө эзелтен тиешелуу делип келген жерлерин кайтарып берүүнү талап кылышууда.
Сербия болсо буга көшөөрүп каршы чыгып атат, алардын пикиринде албандар муну менен эгемен мамлекет түзүүгө түз эле укук алып алат.
Фрейд ошондой эле Серб премьер-министри Коштуницанын эгер Улуттар Уюму Косового эгемендик берип, анын статусун тааныса бул анын тарыхындагы эң бир кечирилгис кемчилиги болот, деп айтканына кошула албастыгын билдирди. Ал андан ары оюн улантып Косоводогудай кырдаал дүйнөнүн башка бир да жеринде түзүлбөгөнүн, бул жерди Абхазия, Түштүк Осетия, атургай Чеченстан менен да салыштырууга болбой турганын айтты.
Улуттар Уюмунун Косовонун келечеги боюнча планы Коопсуздук Кеңешинде карала турган болсо Орусия ага вето коюшу ыктымал деген болжолдор бар. Фрейд Орусия менен Кошмо Штаттары буга чейин дагы Косовонун статусу боюнча тил табышып келген, эми бул мамиле мындан ары дагы улантылат деген үмүттө экенин кошумчалады.
Cүрөттө - былтыр 29-октябрда Сербияда болгон референдумдан бир элес.
Кубат Оторбаев, Прага