Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

КЫТАЙ ЭКОНОМИКАСЫНЫН ЭБЕГЕЙСИЗ ӨНҮККӨНҮ БАТЫШТЫ БУШАЙМАНГА САЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Бээжиндин айтымында, 2020-жылга карата Кытай өз күчү менен ири жүргүнчү учак өндүрүүгө кудуреттүү болот жана андай жарыя Батыш саясатчылары менен ишкерлерин бушайманга салды. Жакында Кытай космосто учуп жүргөн эски спутнигин атып түшүргөнү жана аскерий тармакка өтө көп каражат коротуп жатканы дагы Батыш жетекчилерин бир кыйла тынчсыздандырууда.

Көп жылдар бою коммунисттик Кытай жалпы дүйнөлүк экономикадан ажырымда өнүгүп, обочодо калып келгендиктен, анын социалисттик өндүрүшү жана өзгөчө эмгек акы системасы өтө төмөн деңгээлде калган. Акыркы жылдарда өлкө экономикасына ири чет өлкөлүк инвестициялар салынып, Кытай эбегейсиз өнүккөнү менен жумуш күчү өлкөдө, Батыш мамлекеттери менен салыштырганда алда канча арзан жана Батыш компаниялары дагы өздөрү өндүргөн буюмдардын наркын төмөндөтүү үчүн Кытай жумушчуларынан пайдаланып келет.

Бээжин дагы аны өз пайдасына айлантып жаткандыктан, айрым эксперттердин пикиринде, Батыш менен Кытайдагы компаниялар ортосундагы атаандашуу адилет экенинен күмөн санаса болот. Нью-Йорктогу Морган Стэнли деген банктын кызматкери Стивен Роучтун айтымында, Кытайдагы жумуш күчүнүн өтө арзандыгы жана адистердин деңгээли улам жогорулап баратканы Батыштагы өтө жогору жашоо стандарттарына көнүп калган адамдарга белгилүү ченемде коркунуч түзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын башында Кытай космостогу өзүнүн эски байланыш спутнигин атып түшүргөнү - эгер учур талап кылса, андай ыкманы Бээжин башка мамлекеттердин космос кемелерине каршы дагы пайдалана ала турганын көрсөттү, ал эми коргонуу тармагына кытай өкмөтү жыл өткөн сайын улам көп каражат коротуп жатканы АКШнын аскерий жетекчилерин такай тынчсыздандырат.

12-март күнү болсо Кытайдын негизги авиакомпаниясынын жетекчилеринин бири - 2020-жылга карата Бээжин өз алдынча ири жүргүнчү учак чыгарууга жөндөмдүү болот деп жарыялады. Андай болгондо, кытай өндүрүшү - АКШда "Боинг" учагын жана Европа мамлекеттери тарабынан биргелешип "Аэробус" өндүргөн компаниялар менен тикелей атаандаштыкка чыгат.

Америкалык "Крисчен сайенс монитор" гезити 14-март күнү жазганга караганда, аны менен Кытай - Батыш өлкөлөрүндө эмгектенген миңдеген адамдын жашоо шарттарын көптөгөн жылга көтөрбөстөн, түзүлгөн абалда тоңдуруп салышы мүмкүн. Кытай экономикасына "Сони" же "Женерал электрик" сыяктуу компаниялар эң алдыңкы технологияларды алып келип жатканы өлкөдө эң көп жана арзан жумуш күчү топтолгону менен кошулганда, Батыш адамдары үчүн андан жаңы коркунуч түзүлөт.

Вашингтон шаарындагы Кытай боюнча эксперт Чарльз Макмиллиондун айтымында, Батыштын колундагы технологиялар Кытайдыкынан алда канча алдыңкы болгон учурда гана ал Кытай менен атаандашууга жөндөмдүү. Жалпысынан алганда, кандай болбосун адилет атаандашуу бардык тараптарга пайда алып келүүгө тийиш, бирок мындай абал келечекте канчалык сакталаары азырынча белгисиз.

Акыркы 20 жылдын ичинде Кытай менен Индиядан эки миллиарддан ашык адам эл аралык жумуш базарына чыкты. Кытай акырындап Батышта ойлоп чыгарылган оюнчуктарды, андан соң электрониканы, эми машинелерди чыгарып жатат, жакын арада болсо эң алдыңкы үлгүдөгү учактарды өндүрө баштаса, ал дүйнөлүк экономикага гана эмес, бүткүл геосаясатка орчундуу таасир тийгизиши мүмкүн, дейт америкалык гезит.

XS
SM
MD
LG