Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 14:04

ПЕНТАГОН УКРАИНАГА КОЛДОО ИЗДЕП КЕЛДИ


Пентагондун мартабалуу өкүлү шаршемби күнү Украин жетекчилиги менен Кошмо Штаттардын Чыгыш Европага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул планга ылайык, АКШ коргонуу системасын Польша жана Чехияга жайгаштырмакчы. Коңшу өлкөлөргө мындай аскерий техниканын жайгаштырууга Украин жетекчилиги эки анжы мамиледе.

Кошмо Штаттардын Ракетадан коргонуу агенттигинин башчысы Генри Оберингдин Киевге жасаган сапары- Чыгыш Европаны ракета чабуулунан коргоочу калканчты орнотуу аракетин маалыматтык колдоо максатын көздөйт.

Чехия менен Польшага орнотулуучу калканч, Пентагондун түшүндүшүнчө, Европаны Иран жана Түндүк Корея сыяктуу “каргыш ургур” өлкөлөрдүн капылет ракета чабуулунан коргойт.

Генерал-лейтенант Оберинг Киевде бийик деңгээлде өткөн кездешүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында, АКШда аба чабуулунан коргонуу системасынын кайсы бир бөлүктөрүн Украинада орнотуу ниети жок экенин белгиледи:

-Биз Чех Республикасы менен Польшадан башка бир да өлкөдөн, ошондой эле Украинадан ракетадан коргоочу жабдууларды жайгаштырууну өтүнбөдүк.

Оберинг “Вашингтондо Кавказ республикаларынын бирине радарларды орнотуу планы бар имиш” деген кепти төгүнгө чыгарып, ракеталар Украинанын үстүндө жок кылынса эч кимге зыян келтирбесин айтты. Анткени, ракетанын дүрмөтү абада майдаланып кеткендиктен, жерге эч нерсе түшпөйт, деп түшүндүрдү генерал.

Украин жетекчилиги АКШнын берегидей планына бир кылка мамиледе эмес. Батышчыл президент Виктор Ющенко сыяктуу айрым ырасмий адамдар калканч Европанын бирдиктүү коргонуу системасын түзүүгө өбөлгө болот деп санашат. Ал эми Москва колдогон премьер-министр Виктор Янукович радарларды босоголош өлкөлөргө жайгаштыруу башка коңшулар менен болгон мамилеге доо келтирет деп кооптонот.

Украиндер арасында АКШнын Чыгыш Европага мүмкүн болчу ракета чабуулунан коргоочу аскерий системаны орнотуу планына нараазылар бар экенине Генри Оберинг өзү да күбө болду. Ал маалымат жыйынын өткөрүп жатканда “Янкилер, үйүңөргө кеткиле!” деп, дембе –дем кыйкырган топ адам “Украина НАТОго каршы” деген ураанды булгалап турушту.

Вашингтондун Чыгыш Европага радардык станцияларды жайгаштыруу планына Россия кескин мамилесин билдирген. Атүгүл АКШнын абадан коргонуу системасы орнотулар замат, россиялык ракеталар- Чехия менен Польшаны бутага алышы ыктмал экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG