Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИК КОМИТЕТИ КОЙГОН АЙЫПТЫ РАМЗАН КАДЫРОВ ЧЕТКЕ КАКТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Европалык кеңештин кыйноодон алдын ала сактануу боюнча комитети Чеченстанда түрмөгө түшкөндөргө азыркы тушта да ырайымсыздык менен мамиле жасалып аткандыгын белгилейт. Бул комитеттин Чеченстандагы абал боюнча ушуну менен үчүнчү жолку ырасмий билдирүү жасашы. Мындан мурунку билдирүүлөрдү ал 2001-жылы жана 2003-жылы жасаган. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров болсо Комитеттин айыптоосун четке кагууда. Анын айтымында, жумуриятта адам укугун тебелеп-тепсөө өткөн турмушта болгон.

Батыштык адам укугун коргоочулар Чеченстанда абактагы кишилерди кыйноо жана беймыйзам кишилерди абакка олтургузуу дагы эле уланып аткандыгын шейшемби күнү Кремлге эскертишти. Докладдын бир нускасы Грозныйга жиберилген жана аны менен таанышкандан кийин жумурият лидери Р. Кадыров бул жыл ичи кылмыш кылды деп шек алган кишини убактылуу кармоо жайларында бир гана жолу кыйноо болду деген.

Европалык Кеңештин кыйноолордун алдын алуу комитетинин төрагасына орун басар Мауро Пальма Рейтер агенттигине мыйзамсыз кармалган кишилер негзинен Центорой кыштагы менен Гудерместин жанындагы «Вега» согуштук базада жатышат деп билдирген.

Адам укугун коргоочу уюмдар топтогон маалыматтарда абакта олтургандарды уруп-сабоо, муунтуу, ток менен урдуруп жана эки аягынан шыпка асып коюу болуп турары айтылат.

Кыйноо болтурбоо боюнча алдын алуу комитети даярдаган докладында «Чеченстанда ар бир кармалган киши ал (бийлик – ММ) шек санаган кылмышты мен жасагамын деп тез айтпаса ага карата ырайымсыз чара сөзсүз көрүлөт», - деп жазылган.

Кремл.ру сайты жазганга караганда, азыркы тушта Орусия үчүн жаш Кадыровдун бийликке келиши эң чоң жеңиш. Саясий конъюнктура борборунун анализчиси Александр Шатиловдун баамында, Кадыровдун эң башкы баалана турган жагы - анын (Кремлдин – ММ) окутса боло тургандыгы. Ошондой эле өзүнүн тегерегине дээрлик чечен коомчулугун топтой алгандыгында, ошону менен ал коомдун кайра да жикке бөлүнүп кармашуу коркунучун чече алгандыгында.

Ошондуктан федералдык бийликтин анын талапкердигин колдоосу арзырлык болгон. Баса, президент Владимир Путин былтыр эле журналистер менен өткөн баарлашуу маалында (1-декабрде – ММ) козголоңчу жумурияты «кайтып келди» деп жарыялаган эле.

«Чеченстан жумурияты толук бойдон Орусиялык федерациянын баш мыйзамдык алкагына кайтып келди», - деген эле Владимир Путин.

Ошол себептен жаш президент Рамзан Кадыровдун көп учурда өз оюна келгенин жасап келатышына Маскөө көрсө да көрмөксөн мамиле жасайт дейт.

Дагы бир анализчилер - Европалык адам укугун коргоочу уюмдун Орус бийлигине Чеченстандагы кишини беймыйзам камакка алуу жана абактагы кишилерди кыйноону койдуруу боюнча жасаган бул жолку эскертүүсү деле көңүлгө алынбай кала берет дешет.

XS
SM
MD
LG