- Президент менен жолугушуу боюнча бир топ кайчы пикирлер болуп атат. “Реформа үчүн” кыймылдын өз ичинде кандай маалымат бар?
- “Реформа үчүн” кыймылы сүйлөшүүлөргө ар дайым даяр, ар кандай сүйлөшүүлөргө барыш керек деп эсептейт. Бирок акыркы кезде абал өзгөргөн, ошондуктан “Реформа үчүн” кыймылы толук курамында жыйын куруп, мына ошол жыйында делегациянын курамын, сүйлөшүүлөрдүн форматын алдын ала аныктап алыш керек деген ой пикирдин айланасында пикир алмашуу болуп жатат. Туура, сиз айткандай “Реформа үчүн” кыймылынын кээ бир мүчөлөрү радикалдуу, чечкиндүү ойдо, арасында сүйлөшүүлөргө барбайбыз деген анча-мынча мүчөлөр да бар.
- Жалпысынан сиздин пикириңизде бул жолугушуу болобу, же болбойбу?
- Менин оюмча болбой калат го. Анткени, буга чейин да далай ирет ушундай жолугушуу дайындалып, кийин-кийинкиге жылдырылып же болбой калып жүргөн. Бирок эртели-кечпи сөзсүз 11-апрелге чейин болуш керек. Ал жөн гана жолугушуу болбостон, биротоло чечим кабыл ала турган жолугушуу болуш керек.
- Учурда Ф.Куловдун бириккен майданы менен “Реформа үчүн” кыймылы өз талаптарын макулдашат деп айттыңыз. Бул эки тараптын максаттары жалпысынан бири-бирине дал келээри белгилүү. Силер биригүү тууралуу сүйлөшүп жатасыздарбы, же бир позициядан чыгуу маселесин гана карап атасыздарбы?
- Негизинен бул эки кыймыл - паралелдүү кыймыл, алар бири-бирин камтып кетет деп ойлойм. Феликс Кулов жарыялагандай, фронт - бул убактылуу кыймыл, анын максаты кыска, кезексиз шайлоолорду өткөрүп, президентти алмаштыруу. Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынын максаты терең жана кеңири. Биз алдыда койгон реформаларды аягына чейин чыгаруу. Реформа , өзүңүз билесиз, бир-эки жылда аягына чыкпайт. Тынымсыз эмгектене турган иш. Бирок негизинен экөөнүн багыты бир. Реформанын жүрүшүнө президент Бакиевдин жеке инсан катары тоскоол болуп жаткандыктан, ал турганда реформа жүрүшү мүмкүн эмес деген тыянактан диагноздон чыгат. Ал эми реформа болушу мүмкүн. Ага биз бир ай убакыт берип көрөлү. Берген убадаларын бир айдын ичинде аткарса, анда биз ишенели. Болбосо, биз кезексиз шайлоолор деген ураандын алдында чыкканга даярбыз деген билдирүүсүн “Реформа” кыймылы бир жума мурун жарыялады.
- Азыр нагыз реформа керек экендигин эч ким деле танбаса керек. Бирок келээрки айда дагы жаңы массалык чыгууларды көздөп турасыңар. Элде митиндерден, саясий бейстабилдүүлүктөн чарчоо күчөп баратат деп чочулабайсызбы?
- Элде мыйзамсыздыктан, өзүм билемдиктен, бүгүнкүдөй башаламан замандан чарчоо бар. Мына ушундай башаламандыкты токтотуш керек. Бүгүн атаны бала укпаган, аканы үка укпаган, мыйзамсыздыктын, көз көрүнө мамлекеттин байлыгын, жеке адамдардын укугун талап-тоногон заман болду. Мына ушул чарчатты. Ошондуктан көптөгөн эл бул заманга тыюу салганга, токтотконго, чек койгонго аракет кылып жатышат. Мен ойлойм, тескерисинче бул адамдардын кыжырдануусун, алардын чечкиндүүлүгүн күчөтө турган кырдаал түзүлүп калды деп.
Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага