Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:56

А.МОМУНКУЛОВ: ЖОГОРКУ КЕҢЕШ АКЫРЫНДАП ТУРИСТТИК ФИРМАГА АЙЛАНЫП БАРАТАТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясы кворумдун жоктугунан өз ишин уланта алган жок. Бирок парламент отурумуна келген кыркка чукул депутаттар төраганын эки орун басарына жана өкмөттүн парламенттеги атайын өкүлүнө бир катар суроолорду беришти. Вице-спикер Кубанчыбек Исабеков өкмөттү 2007-жылдын бюджет долбоорун экинчи окууга парламентке бербегенин сынга алды. Айрым депутаттар парламент толук кандуу иштебей, көпчүлүк депутаттар иш сапарын шылтоолоп чет өлкөлөргө көп чыгып жатышканына нааразы болушту. Биринчи-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов бюджет долбоору даяр экендигин, бирок көпчүлүк депутаттар иш сапарда жүрүшкөндүгүнө байланыштуу парламентке сунушталбаганын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков «парламент бюджетти кабыл албай жатат»,- деген эл арасындагы имиш сөздөргө негиз жоктугун, 2007-жылдын бюджет долбоорун өкмөт өзү кечиктирип жатканын айтты.

-Бүгүнкү күнгө чейин эки жолу премьер-министр менен, үч жолу Каржы министри менен сүйлөштүм. Бирок эмдигиче 2007-жылдын бюджет долбоорун экинчи окууга алып келе элек.


Быйылкы жылдын бюджети эки деңгээлдүү түзүлүп, биринчи окууда февраль айында парламентте кабыл алынган эле.

Ал эми биринчи-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов болсо бюджет долбоору даяр экендигин, аны кароону парламент өзү кечиктирип жатканын билдирди.

-Депутаттар көбүрөк каникул кылуунун ордуна, көбүрөөк иштешсе, менимче бюджетти кап-качан эле кабыл алат элек, -деди Данияр Үсөнов.

Депутат Темир Сариевдин пикиринде, президентке, өкмөткө бүгүнкүдөй кырдаал керек болуп турат. Анткени алар мындай абалда каражаттарды өздөрү каалагандай бөлүүгө шарт түзүп алышат.

-Президент бийликтин баарын өз колуна алгандан кийин, мындай акыбалга чыдабаш керек эле. Алигиче парламентке бюджеттин долбоору экинчи окуусу коюла элек. Бул үчүн өкмөттүн бүт курамын кызматтан кетириш керек болчу. Бийлик алмашып кетет экен деп көп чиновниктер акчаларын сыртка алып чыгып кете баштады. Менчиктерин башкаларга жаздырып бөлүшө баштады. “Парламент бюджетти кабыл албай жатат”-деген дооматка элдер ишенбеши керек. Биз тескерисинче бюджеттен айлык алгандардын таламын талашып, өкмөттүн кемичиликтерин айтып жаман көрүнүп жатабыз.

Сариев ошондой эле азыркы бийликтин мамлекеттик мүлктөрдү чет өлкөлөрдүн компанияларына сатып жиберүүсүнө парламент бөгөт болуп турганын белгиледи.

Депутаты Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жетекчилигине иш тартибин жөнгө салууну биринчи иретте парламент өзүнөн баштоо керек, деген талапты кабыргасынан койду.

-Биз бир жумадан бери иштебей жатабыз. Келгендер келип, келбегендер качан келет, деп сессия болбосо отура беребизби. Күн тартибин карагылачы канча маселе бар. Конституцияга байланыштуу мамлекетке керектүү, эң маанилүү маселелер бар.

Жээнбеков депутаттардын иш сапарларына чек коюп, алардын сессияга катышуусуна көзөмөл кылууну сунуштады.

Авазбек Момункулов көпчүлүк депутаттар чет өлкөлөргө өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн барып жатышканын, бир эле мезгилде 22 депутаттын чет өлкөгө иш сапарда жүргөнүн сынга алып, парламент туристтик фирмага айланып баратат, деп кейиди.

-Депутаттардын бардыгы чет өлкөлөргө кетип атса, анда парламентти туристтик фирма кылып койбойлубу? Жанагы иш сапары менен кеттик деген жыйырма эки депутатты текшерип чыкса, алардын кырк пайызы жеке өз иштери менен кеткени маалым болот эле,-деди Момункулов.

Төраганын орун басары Тайырбек Сарпашев болсо сессия болбой калса эле Жогорку Кеңеш иштебей жатат деген дооматтар туура эмес экендигин, учурда комитет, комиссиялар күн тартибиндеги маслелерди карап, толук кандуу иштеп жатышканын билдирди. Ал эми чет өлкөлөргө иш сапары менен кеткен депутаттар “мамлекеттин тышкы саясатын, байланышын арттыруу аракети менен жүрүшөт”.

Вице-спикер Кубанычбек Исабеков жыйырма чакты депутаттын чет өлкөлөрдө иш сапарда жүргөндүгүн саясатка айлантпоого коллегаларын чакырды.

XS
SM
MD
LG