Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЛАТЫН АМЕРИКАДАГЫ САПАРЫ МАКСАТЫНА ЖЕТТИБИ?


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш соңку бир аптада жакынкы коңшуларды, Түштүк Американын беш өлкөсүн кыдырды. Буштун администрациясы көңүлдү көбүнесе коопсуздук маселелерине буруп, жакынкы коңшулар менен алаканы унутта калтырганы үчүн сынга алынган эле. Өз визитин утурлай, АКШ президенти регионго бир нече миллион доллардык жардам көргөзүү программасын жарыялаган. АКШ президетинин иш сапары ийгиликтүү болдубу?

АКШнын президенти бир апта ичи Бразилия, Уругвай, Колумбия, Гватемала, Мексикада болду. Бирок жергиликтүү тургундардын нааразылык жүрүштөрү Буш барган жерлердин баарында өтүп жатты. Ал эми анын Латын Америкадагы башкы каршылашы, Венесуэла президенти Уго Чавес Бушту туурап, регионду кошо кыдырды. Буш Гватемалага келсе, Чавес коңшу Никарагуада, Колумбияга барганында жанындагы Боливияда болду.

Учурунда президент Буштун Америка өлкөлөр уюмундагы өкүлү болуп иштеген Рожер Нориейганын айтымында, Буштун бул визити Латын америкалыктарга АКШ жакшы коңшу экенин, ал эми америкалыктарга коңшулар энергия жана чек ара коопсуздугу маселелеринде чечүүчү өнөктөш экенин көргөзүүгө багытталган. Мексикалыктар болсо, албетте, иммиграция маселесин көздөгөн визит катары кабыл алды.

2001-жылы президенттикке алгач шайланган кезинде Буш түштүктөгү биринчи коңшу - Мексика менен экономикалык алаканы бир топко кеңейтүүнү, мексикалыктар үчүн иммиграциялык эрежени кыйла жеңилдетүүнү сунуш кылган эле. Бирок 2001-жылдын 11-сентябры баарын өзгөртүп, Ак үй террор коркунучунан улам чек араларды бекемдөөнү башкы приоритетине айлантканы белгилүү.

Былтыр болсо АКШнын Конгрессин республикачылар көзөмөлдөп турган кезде жумуш издеген мыйзамсыз иммигранттарга тоскоолдук кылуу үчүн Мексика менен чек араны мурдагыдан да бекемирээк жабууну караган мыйзам кабыл алынган эле. Андыктан АКШнын Латын Америка саясатына көбүрөөк иренжиген өлкө - Мексика болушу мүмкүн. Мексикадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Буш миграция боюнча мындай деди:

- Биз бул маанилүү жана сезимтал маселеге көп убакыт сарптадык. Мен сезимтал деп, адамдар ачуусун билдирүү үчүн колдоно алган маселе экендигинен улам айтып жатам. Маанилүү деп айтканым, миграция боюнча туура мыйзам экономика жана коопсуздук жагынан эки өлкөгө тең жардам берет.

Жорж Буш менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Мексика президенти Фелипе Калдерон анын өкмөтү иммиграция жаатында АКШ менен кызматташарын белгиледи. Айтор эки президенттин кызматташтык жөнүндөгү сөздөрү телекамералар үчүн айтылдыбы же чын эле кандайдыр бир макулдашуу жетишилдиби?

АКШнын Америка өлкөлөр уюмундагы мурдагы элчиси Рожер Нориейганын пикиринде, бул тууралуу айтуу азырынча эртелик кылат:

Менимче, балким Буштун администрациясына биз көзөмөл жоголгон чек арадан иргеп жатканыбыз үчүн айтылган сындар адилет. Өтө көп адам мыйзамсыз келген. Президенттин айтканы так жана ачык: биздин экономика иммиграциялык мыйзамга муктаж. Бирок, бизде жумушчуларды бул жерге келип иштеп, кайра үйүнө кайтуусуна ылайыкташтырган саясат болушу керек.

Жорж Буш былтыр "мейман жумушчу" деп аталган программаны сунуш кылган эле. Ага ылайык, сырттан келгендер, анын ичинде Кошмо штаттарда мыйзамсыз жүргөндөр да америкалыктар каалабаган жумуштарда убактылуу иштөөгө мыйзамдуу мүмкүндүк алмак. Ал эми уруксат берилген мөөнөт аяктаганда өлкөсүнө кайтышы керек. Бирок, бул планга Буштун өзүнүн республикачылары каршы чыгышкан. Алар чек араны кайтарууну күчөтүүнү караган мыйзамды кабыл алган соң, мындай байистүү иммиграциялык саясатка жетишүү жагы кыйындаган болчу. Балким, эми мына ушул шартка жол ачкан иммиграциялык мыйзамды азыр Конгресстин кош палатасын көзөмөлдөгөн оппозициядагы демократтар кабыл алып бериши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG