Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

11-СЕНТЯБРДА ТЕРАКТТЫ УЮШТУРГАНЫН КАМАКТАГЫ АЙЫПКЕР МОЙНУНА АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага "2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы болгон террор аракеттерин мен уюштургам" деп Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында төрт жылдан бери кармалган туткун Халид Шейх Мухаммад күнөөнү өзүнө алды. Бирок укук коргоочулардын пикиринде, ал - кыйноо алдында айтылган сөз болушу мүмкүн.

Гуантанамо базасында кармалган 14 туткундун үстүнөн 9-март күнү жабык сот башталган жана ал соттук жыйында алардын бири - 43 жаштагы Халид Шейх Мухаммад айткандарды Пентагон 14-март күнү басып чыгарды. Коргоо министрлигинин айтымында, Мухаммаддын басып чыгарылган сөзү редакцияланган.

Мухаммаддын айтымында, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы уюштурулган төрт террор аракетинин баарын башынан аягына чейин ал өзү Усама бин Ладендин тапшырмасы менен уюштурган. Ал төрт аракеттин бири ишке ашпай калган жана Вашингтон шаарын көздөй учуп бараткан бир учак бутага жетпей кулап түшкөн. Калган үч учак - Пентагонго жана Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода борборунун эки имаратына тийген, бардыгы болуп ал төрт учактын жарылуусунан 2749 адам курман болгон.

Мухаммад андан тышкары - ошол эле Дүйнөлүк соода борборунда 1993-жылы болгон жардырууну, 2002-жылы Индонезиянын Бали аралында уюштурулган жардырууну, ошол эле жылы Ооганстанда кармалган америкалык журналист Дэниел Пөрлду мууздаганды жана башка террор аракеттерин уюштурганын моюнга алат. Мухаммаддын айтымында, анын катышуусу менен мурдагы америкалык президенттер Жимми Картер жана Билл Клинтондун өмүрүнө кол салуу, Панама каналын жардыруу, Брюссел, Лондон, Лос-Анжелес, Сингапур, Чикаго шаарларына учактар менен сокку уруу, Гибралтар жана Ормуз кысыктарында жардыруу уюштуруу жана башка, бардыгы болуп отузга жакын террор аракети пландалган.

"Хюман райтс вотч" деп аталган атактуу уюмдун аткаруучу деректири Кеннет Роттун билдиргенине караганда, Мухаммаддын мындай моюнга алуусу кыйноо алдында жасалганы ыктымал жана андай болгондо, аны сотто далил катары пайдалануу мүмкүн эмес. Башка эксперттердин пикиринде, Пентагон тараптан чыккан бул жаңылык - эл аралык террорчулукка каршы жүрүп жаткан согуш менен байланыштуу акыркы мезгилде АКШ жетекчилигине карата айтылган сынды жумшартуу үчүн көрүлгөн аракет болушу мүмкүн.

Анткен менен адам укуктарын коргооучулар көптөн бери - Гуантанамодо кармалгандарга же расми күнөө коюш керек, же алар бошотулууга тийиш деген талап коюп келген. Ал тууралуу Австралиянын премьер-министри Жон Говард дагы айтат: "Америкалыктар сот баштоону ылдамдатты. Ал тууралуу президент Буш жана вице-президент Чейниге мен да айткам жана менин сунуштарым эске алындыбы, билбейм, бирок биз андай сунуш кылганбыз. Туткундар узак убакытка сотсуз кармалып жатканы өтө кейиштүү", - дейт Говард.

Халид Шейх Мухаммад 1964-жылы Пакистанда туулган, 1979-жылы Ооганстанга СССР кол салгандан кийин АКШнын чалгындоо кызматтарынын колдоосу менен Ооганстанда советтик аскерлерге каршы согушкан, кийин болсо америкалыктарга каршы аракеттене баштаган жана "ал-Каида" деген террордук уюмда Усама бин Ладен менен Айман ас-Завахириден кийинки үчүнчү адам болуп эсептелчү. Аны Пакистандын коопсуздук кызматы 2003-жылы кармап, АКШга өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG