Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

ГУАНТАНАМО БАЗАСЫНДА КАРМАЛГАН ТУТКУНДАРГА КАРШЫ СОТТОР БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасында кармалган туткундардын бири - 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук аракеттерди уюштурганын моюнга алды. Базада азыр төрт жүзгө жакын туткун кармалууда.

2001-жылы АКШга каршы жасалган террор аракеттерин мен уюштургам деп Гуантанамо базасында 2003-жылдан бери кармалган Халед Шейх Мухаммад билдирди жана анын сөздөрү 14-мартта жарыяланды. Азыр ал базада төрт жүзгө жакын туткун кармалууда, 2006-жылдын 17-декабрында чыккан маалыматка караганда, ал учурда базада 395 адам калган.

Аралдын түштүк-чыгыш жээгиндеги Гуантанамо-бэй деген аймакты АКШ өкмөтү мындан жүз жыл мурда Куба жетекчилигинен сатып алган жана Кубадагы революциядан кийин дагы бул аймак америкалыктардын колунда калган. Ал жерде аскерий база уюштурулган, 1990-жылдарда болсо ал базада - Кубанын өзүнөн же кошуна Гаитиден АКШга качкандар топтолгон.

2001-жылдын октябрында Ооганстанды ал кезде бийлеген Талибан өкмөтүнө каршы АКШ согуш баштагандан кийин, 2002-жылдын 11-январында базага биринчи туткундар алып келинген. Аларга каршы расми күнөө көп жыл бою коюлбагандыктан, адам укуктарын коргогон уюмдар Вашингтонду сынга ала баштаган жана базада мурда жана ошол кезде кармалган 558 адамдын ысмы былтыр апрелде жарыяланды, алардын көпчүлүгү үч мамлекет - Ооганстан, Сауд Арабия жана Йемендин жарандары болуп чыкты.

Алты жылдын ичинде базага алып келинген туткундардын үчөө өздөрүн өзү өлтүрүп тынды, үч жүз сексенге жакыны же бошотулду, же башка абактарга которулду. Бошогон адамдардын ичинде Орусиянын да жарандары болгон, өткөн декабрда бошотулган 18 адамдын арасында үч казак болгон деген да кабар тараган.

Буга чейин он гана туткунга расми күнөө коюлган жана алардын биринин дагы 11-сентябрдагы окуяларга тикелей тийешеси болгон эмес. 14-март күнү Пентагон жарыялаган маалыматка караганда болсо, ал террор аракеттерин башынан аягына чейин мен уюштургам деп Халед Шейх Мухаммад күнөөнү мойнуна алды. Мухаммед жана дагы башка 13 туткунга каршы жабык сот 9-мартта башталган.

Адам укуктарын коргогон айрым эксперттердин пикиринде, Мухаммед күнөөнү мойнуна кыйноо алдында алган болушу мүмкүн, андай болгондо аны сотто далил катары пайдалануу кыйын болот. Буга чейин дагы адам укуктарын коргоочулар Гуантанамо базасында уюштурулган абак жана анда кармалгандарга карата мамиле адам укуктарын одоно түрдө бузгандык деп келген.

Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча комиссиясынын эксперттери былтыр февралда атайын отчет жарыялап, АКШ өкмөтүн катуу сынга алган. Туткундар кыйноого дуушар болгону жөнүндө да далилдер табылган жана АКШнын Жогорку Соту былтыр июнда атайын чечим кабыл алып, туткундарды соттоо үчүн өзүнчө аскерий комиссиялар түзүлбөш керек деп чыккан.

Азыркы сот - аскерий трибунал тарабынан жүргүзүлүп жатат. Орчундуу иштер боюнча андай трибуналга 12 адам мүчө болуп кириш керек жана туткунду өлүм жазасына кесиш үчүн андай өкүмгө бардык 12 мүчө сот добуш берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG