Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

АБАЙЛАГЫЛА, АРТЫҢДА ТРАЙБАЛИЗМ!


«Бириккен фронт» талап кылып жаткандай президент эч качан отставкага барбайт, анын үстүнө К. Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү Кыргызстан үчүн өтө опурталдуу, анткени буга жооп катары түштүк трайбализминин оту алоолонуп чыгышы мүмкүн, ошон үчүн Кыргызстандагы ансыз да араң турган тынчтыкты президенттик мөөнөттүн аягына чейин сактап калалсак 2010-жылы бийлик өзүнүн мыйзамдуу жолу менен өзүнөн өзү алмашат, анткени бийлик элдин күткөн үмүтүн актабай, ушул тейпинде кете берсе 2010-жылга дейре түндүктүн да, түштүктүн да колдоосунан биротоло ажырап тынат, деп жазды «МСН суббота» гезитинин кабарчысы Замир Өсөров мырза. Эгер бүгүн бийликти күч менен тартып алуу жолу кайталанса, ушундай эле жол эки-үч жылдан кийин кайрадан кайталанышы мүмкүндүгүн, ошондуктан бийликтин мындай жол менен алмашышына таптакыр жол берүүгө болбостугун, азыр президент Бакиевде бир гана жол калганын, ал-Башмыйзамды өзгөртүү керектигин, анткени Башмыйзам Бакиевден башка эчкимге жакпастыгын айтты ушул эле гезиттин суроолоруна берген жообунда ЖК депутаты Темир Сариев.

«Жаңы кылым» гезити бизде кыргыз тилинде оюндагысын кенен айтып бералбаган, руханий дөөлөттөргө кымындай ыкласы жок Кулов президент болгусу келип, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону талап кылууда, деги анын Кыргызстанды башкарууга моралдык укугу барбы, деп суроо таштады.

«Кыргыз туусу» гезити таарынычтар, саясый ызы-чуулар унутулат, кызмат дегениң бир күнү куш болуп ийниңе консо, эртең муз болуп эрип жок боло турган нерсе экенин, ошондуктан бийликтегилер менен күч органдагылардын ортосундагы мамилелерди Аксынын Босбубегиндегидей абалга жеткирбешибиз керек, деп жазды.

«Кыргыз руху» гезити «Кристалл» заводу сатыкка коюлат деген kулактандырууну «Кыргыз туусу» жарыяларын жарыялап, бирок анын түп нускасын таппай калган гезиттин башкы редактору Жедигер Саалаевге жол болсун, башкы редактор кантип эле жарыясы бар гезиттин 100 нускада басылып кеткенин билбей калсын, эгер редакциянын буга тиешеси жок болсо эмне үчүн «Учкун» басмаканасын сотко берген жок деп жазды, «Гезиттин бир барагы кайда?» деген макаласында.

«Агым» гезити Акүй батальонунун эң барандуу делген жоокерлери Адахам Мадумаров менен Данияр Үсөнов, алар эмне эксе Бакиев ошону орот, ушуларга таянайын дейт, экөө тең элдин аллергиясын карматкандар, бири-калп, экинчиси-алкын ашкере агыткандардан. Маселен, Мадумаров өткөн жылкы курултайда мамкатчынын буйругу боюнча ошол жылдын аягына чейин Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү аныкталып, сот жообуна тартылмак. Эмне болду? Тескерисинче, баары акталды. Мамкатчы Мадумаров эми аксылыктарды кайсы бети менен карайт, деп суроо койду

Эске сала кетчү дагы бир жагдай, бул күнкү кыргыз тилдүү гезиттердин дээрлик бардыгы мындан беш жыл мурдагы Аксы алааматын эскерип, ал боюнча ар кандай макалаларын жарыялашты.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG