Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

К.БАКИЕВ: КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ЖАЗАСЫН АЛЫШТЫ, ЭЛ-ЖЕРИНЕ БАТПАЙ ТЕНТИП ЖҮРҮШТҮН ӨЗҮ ЧОҢ ЖАЗА


Төмөндө президент Курманбек Бакиевдин бүгүн Аксы курмандыктарын эскерүү учурунда сүйлөгөн сөзү келтирилди:

- Күнөөкөр дегендердин көбү амнистия менен бошотулуп кетиптир. Айрым иштер боюнча күбөгө өтүүчүлөр республикадан сыртка чыгып кетиптир деген өңдүү шылотоолор менен иш аяктабай келе жатканы мени өкүндүрөт. Ушул жерден айтып кетким келет, кырчындай өмүрү кыйылган жигиттердин убалы, элдин каргышы соо койбойт экен. Күнөөлүүлөр негизинен жазасын алды дейт элем, эл-жерине батпай, тентип жүрүштүн өзү чоң жаза эмеспи. Сөз кимдер жөнүндө болуп жатканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар. Дагы бир чындыкты айта кетейин. Кийинки кездерде айрым бир саясатчылар, Аксы окуясын өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы катары пайдалангысы келгендиги байкалууда. Менин оюмча аксылыктар андай аракеттерге жол бербейт, кызыкдар эмес. Ар түрдүү күчтөр бүгүн да элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукту чайкагысы келүүдө.

XS
SM
MD
LG