- Мен ойлойм бүгүнкү бийликтин алдында ушул маселени так чечип алыш керек. Анан 5 жылдык болгондо келип, ишти жапкан, кыскартылган токтом-документти жасай коюп. Бир айдан кийин кайра ушул эле Конгантиев жаап коёруна мен ишенем. Бир айдан кийин кайра эле жабылат бул иш. Ал жерде тергеген адамдар алмашылбаса бул иш аягына чыкпайт. Эртең мени силер келип Каражыгачта бир айдан кийин президент менен кошулуп бүткөрөбүз деп айтып, убада бергенсиң деп кекиртектебегиле. Мен ачык эле айтып коёюн, ошол тергөө тобу алмашылмайынча ал аягына чыкпайт. Сөзүмдүн аягында мен Курманбек Салиевич, Аксы элинин атынан, депутат катары сүйлөгөнгө укугум бар, сизден бир нерсени суранам, бул жерде бүт Аксынын элин, шейит кеткен балдардын арбагын сыйлап келген адамдар турат. Эгерде бир айдан кийин ушул иш аягына чыгарылбаса, мен айтып атпаймбы 24-марттан кийин бул иш үч жолу жабылып, үч жолу ачылды, кайра бир айдан кийин дале жабыла берет. Ошондой жабылып кала турган болсо мен элдин атынан бир эле нерсени сурайм, өткөндө жабырлануучулар эрдик медалын алганда биз сүйлөшкөнбүз, бир эле нерсени суранабыз, ошол ишти таптакыр кыскартып жаап салбаңыздар. Болгону токтотуп койсонуздар.
Саясат кылып атат деп атат. Ооба. Анткени булар саясий шейит болгон. Ошондуктан саясат боло берет. Мени жакшы көрөсүңөрбү, жаман көрөсүңөрбү, бул күнөкөрлөрдүн аты аталмайынча саясат боло берет. Мисалы, мен Аксынын депутаты катары депутат кезимде бул иш ачыкка чыкпаса саясат кыла берем. Күнөөлөсөңөр күнөөлөгүлө саясат кылып атасыңар деп.