Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:30

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР "АЗАТТЫККА" ИНТЕРВЬЮ БЕРДИ: "ӨКМӨТ ОППОЗИЦИЯ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУГА ДАЯР"


Кыргызстандын өкмөт башчысы Азим Исабеков аткаруу бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин, ортодогу талаш маселелерди көчө жыйындарына жеткирбей чечип алуу зарылдыгын “Азаттык” үналгысына берген эксклюзивдик маегинде билдирди. Премьер-министр менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешкен.

- «Кристалл» маселесин сиз саясий өңүткө өтүп кетти деп айтып жатасыз? Мунун кандай негизи бар?

- Жо-ок, саясий жагына өтүп кетпеш үчүн азыр Кыргызстанга керектүү гана маселелерди биз колдошубуз керек. Элге, өкмөткө ылайык болсо биз муну кабыл алабыз. А эгерде элдин кызыкчылыгына тескери келсе биз бул маселени кабыл албайбыз. Албетте, оор маселе. Бул Ташкөмүрдөгү ири ишкананын бири. Мындай ишкана жок. Бул өзү уникалдуу ишкана. Ошондуктан кылдаттык менен чечим кабыл алабыз.

- Азим мырза, быйылкы жылдын экономикалык өсүшү боюнча. Ички дүң продуктту 8% жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ортосунда туруктуу бир пикир жок экен. Биз ага жетпей калабыз дегендер болду. Сиздин оюңузча, 8% жетишке мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Эми мындай да, эгерде энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбада, башка тармактарда биз алдыбызга койгон милдеттерди жакшылап аткарсак, мүмкүнчүлүктөр бар.

- Саясий кырдаал өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизип жатат, деген ой айтылды. Сиздин оюңузча, оппозициянын жаз чыгары менен активдешип кетиши экономикага таасир тийгизеби?

- Мен оппозициянын айткандарынын баары эле туура эмес деген ойго кошулбайм. Анткени оппозиция өзүнүн чыныгы пикирин, оюн айтып койсо аны таптакыр эле каршы деген ойдон мен алысмын. Ошо айтылып жаткан сөздөрдүн көпчүлүгүнүн негизи бар. Бул бир. Экинчиден, митингдер чыкса, аны угуп койсо болот. Бирок ал митингдер тынч болуш керек. Айтып, аткарып, бирок ошол митингдерге жеткирбестен биз, өкмөт, оппозиция менен сүйлөшүүгө аракет кылышыбыз керек. Мен бул маселени сүйлөшкөнгө дайыма даярмын. Албетте, мен гана эмес эларалык уюмдар, донорлор деле тынччылык болсо жакшы болот эле деп айтып жатышпайбы. Тынч болсо инвестиция да көбүрөөк келет эле деген элдин да ою бар. Ошон үчүн өлкөбүздө стабилдүүлүк болсо ошончолук өнүгүшкө шарт түзүлөт.

- Кыргыз өкмөтүнүн алдыдагы үч жылга эсептелген стpатегиялык программасын иштеп жатасыздар. Анда өнүгүүнүн үстөмөндүк багыты деп кайсы тармакка өзгөчө басым коюп жатасыздар, энергетика, тоокен…

- Мына биз иралды экономикалык мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Ансыз биз жыла албайбыз. Ошонун ичинде эң орчундуусу, бул энергетика, өнөр жай, айыл чарба, андан тышкары коррупцияга, «көмүскө экономикага» каршы мыйзамдарды кабыл алуубуз керек. Ошолордун бүт баарын карашыбыз керек. Мен мындан ары, өзүңүздөр деле көрүп жатасыздар, ар бир маселени ачык-айкын, элге жаккан, өкмөткө жаккан токтомдорду, документтерди кабыл алганга шарт түзүп жатам.

- Өкмөттүк жыйын ачык маанайда өтүп жатат. Ушул иш ыкма мындан ары да улана береби?

- Албетте, баары ачык өтөт. Жагдайдан пайдаланып мен биздин депутаттарга да ыраазычылык айткым келип жатат. Алар менен кеңешип, биримдикте бир маселени алып чыксак анан ошондо гана өсүп-өнүгүүгө шарт түзүлөт. Ырахмат!

- Азим мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG