- 17-мартта Боспиектин алдында 61 адам милиция кызматкерлери менен кошулуп айыл өкмөтү, прокурорлор ушул жерде турган. Ошонун арасында 12 милиция кызматкери Жалалабат ОМОНунан болчу, арасында 4 милиция кызматкери гана автоматчан болчу. Ошол төртөөнүн экөө гана аткан, экөө асманга аткан. Алардын аты-жөнү такталган. Бирок Азимбек Анаркулович айтып кеткендей, 19-сентябрда биз иштен кеттик, андан кийин алар эмне болгонун биз билбейбиз.
Тергөө ишинин улам кайра жабылып жаткандыгына жана ал боюнча азыркы баш прокурордун ишине нааразы болгон Азимбек Бекназаров, депутат болуп турганда Аксы окуясын саясатка айландыра берерин айтып, азыркы учурда да кылмыш ишин жабуу аракеттери болуп жатканын билдирди. Ал былтыр президент Курманбек Бакиев окуянын аныгына жетип айыпкерлерди жоопко тартуу боюнча элге берген убадасы аткарылбаганын кошумчалап, бүгүн да өлкө башчысын окуянын аягына чыгуу үчүн элге убада берүүгө чакырды:
- Ал жоокерлер кимдин буйругу менен келген? Эмне үчүн ал жерде созуп турду? Ушунун бардыгын ким жетектеген? Мына ушул суроолорго жооп бергенде Аксы окуясынын накта түбүнө жеткен болобуз. Эгер ушул маселени айтпай эле, келип бечара милиция кызматкерлерин сотко бере бергенибизде окуянын түбүнө жетпейбиз. Анын башы Акүйдө. Күнөөкөрлөр ошол жерде. Ошондуктан бүгүн Курманбек Салиевич сиз экөөбүз ушул жерге келгенде мен сиз менен дагы бир жолу убада бергенге даярмын. Экинчи жолу убада берели да ушул ишти бүтүрөлү. Мен элдин алдында айтайын, эртең барып кагаздарды берип жардам бер десеңиз кошо отурайын.
Президенттик администрациянын адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун беш жыл мурда облустун ошондогу губернатору Султан Урманаев эл менен жолугушууга келбей койгонун эске салып, эгер мурдагы президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкуловдун сөзүн укпастан Султан Урманаев эл алдына келгенде Боспиектеги кандуу окуя болбой калат беле деген тынчсыздануусун айтты:
- Эң биринчи Карыпкуловдордун, Акаевдин, Акаеванын, Кудайбергеновдун, Абышкаевдин, Садиевдин күнөөсү бар. Эмне үчүн муну айта албайбыз. Султан Урманаев ошону азыр чыгып айтып атат. Бул киши таза экенине ишенем. Бирок, Султан аке сизден да жоопкерчиликти алып салганга болбойт. Сиз ошондо Карыпкуловду укпай келсеңиз болот эле да. Мен деле укпай жүрбөймбү көп жерде. Келсеңиз балким кан төгүлбөй калат эле, кечириңиз.
Президент Курманбек Бакиев Аксы окуясы боюнча кылмыш иштери жаап жашырылбай тургандыгына жана кандуу калабада жабыр тарткан жарандардын талабын аткаруу үчүн мындан ары да аракеттер көрүлө бере турганына ишендирди:
- Ар бир нерсени өз аты менен атап жүрсөк жакшы болот. Анан эле сен президент болгондон кийин ушуну бүтүрүшүң керек эле, бир айдан кийин бүтүрсөң бүтүрдүң, бүтүрбөсөң баягдай болот деген менимче туура эмес болуп калат.
Өлкө башчысынын айтуусунда бир жарым жыл ичинде социалдык-экономикалык жылыштар байкалууда. Казнага 10 млрд. сомдон ашык каражат түшкөн.
Митингде райондогу орчундуу проблемалар да көтөрүлдү. Жаңыжол айыл өкмөтүнүн башчысы Райымбековдун айтуусунда, Аксыда жумушсуздук күчтүү, жол, таза суу, жаштар менен врачтардын жана мугалимдердин миграция маселелери, айыл чарба эгиндерин суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү олуттуу бойдон кала берүүдө.
Ал эми 2002-жылы күйөөсү окко учкан Айбарча Сатыбекова президенттин бүгүн берген убадасына ишенбей тургандыгын мындайча айтты:
- Президент ушуну менен үчүнчү жолу убада бериши. Бирок мен ишенген жокмун. Аксы окуясы жыйынтыкталат, так аткарылат, күнөөлүлөр жоопко тартылат деп эч кандай маалымат бере албады. Ошондуктан мен президенттин айткан убадасына ишенбейм.