Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:22

БУУдагы КОНФЕРЕНЦИЯ ИРАККА ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ МАКСАТЫН КӨЗДӨДҮ


Улуттар уюмунда Ирак боюнча өткөн эл аралык конференцияга 90дой өлкөнүн өкүлү катышты. Жыйын катышуучуларын Ирактын өкмөтү өлкөнү стабилдештирүүнүн экономикалык планы менен тааныштырды. Беш жылга эсептелген бул жаңы план ишке 30-апрелден кеч эмес киргизилиши керек.

Иракты калыбына келтирүүнүн беш жылдык планы жөнүндө адегенде былтыр июль айында сөз болгон эле. Анда каралган приоритеттүү багыттардын бири -өлкөдөгү чечүүчү экономикалык жана саясий реформаларды мыйзамдаштыруу иши. Жыйынга катышкан 90дой өлкөнүн өкүлдөрүн өкмөттүн жаңы планы менен Ирактын вице-президенти Адель Абдель Махди тааныштырды. Жыйын потенциалдуу донорлорду Иракты калыбына келтирүүгө экономикалык жактан жардам көргөзүү ишине тартуу максатын да көздөдү. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун конференциядагы сөзүндө мындай деди:

- Биз бул демилгелерге ээ болуу менен эң биринчи кезекте Ирактын элине өтө маанилүү жана саясий белги берип, өлкөсүнө коопсуздук жана тынчтык алып келүүгө шыктандырып жатабыз деген үмүттөбүз. Ошондой эле эл аралык коомчулук бул жакшы аракеттерди колдоо үчүн алардын артында турарын билдирип жатабыз.

Ирактыкына окшош экономикалык план былтыр январда Ооганстан үчүн да башталган. Конференцияга тең төрагалык кылган Ирактын вице-президенти Адель Абдель Махдинин айтымында, Ирактын энергия байлыктары боюнча жакында кабыл алынган мыйзам - бул планды аткаруунун башталышы. Ал потенциалдуу донорлор азыр Иракка келе турган учур деп эсептейт:

- Биз бүгүнкү конференциянын жыйынтыгына өтө канааттандык жана биз чындап эле Ирак эл аралык коомчулуктун жардамы менен кризистен чыгарын, суверендүү, демократиялык, бириккен Ирак карызынан кутулуп, кредитор жана күч-кубаты жогору өлкөлөрдүн катарына кайтуусун чыдамсыздык менен күтөбүз.

Иракты стабилдештирүүнүн экономикалык планы боюнча кийинки жыйын ал расмий түрдө ишке кире турган мөөнөт – 30 апрелге чейин болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG