Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:29

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Аптанын шаршембисинде Бишкекте жазгы мода жумалыгы башталды. "Витлайн промоушн" борбору уюштурган бул иш-чарага отуздан ашуун өндүрүш ишканалары катышты. Ошондой эле Кыргызстандагы мыкты деген модельерлердин иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлдү. Жумалыктын алкагында кийимдерден сырткары фото сүрөттөрдүн сынагы уюштурулуп, зергердик буюмдар, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлду. Бул жолку өткөрүлгөн мода жумалыгынын өзгөчөлүгү калыстар тобунун курамын чет өлкөдөн келген адистер түздү. Бул иш-чара 19-мартта жыйынтыкталат. Соңунда мыкты деген кийимдер топтому тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат.

Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында 13-мартта Көчкөн Сактановдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Бүттү быйыл күйөөгө чыгам” спектакли, 14-мартта кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен жаш драматург Кайрат Иманалиевдин пьесасына коюлган “Атаке баатыр” спектакли көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаев сахналаштырган бул спектаклде Атаке баатырдын тагдыры, кыргыз элине жасаган кызматы чагылдырылат. Театрдын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдун айтымында бул спектаклде ойногон актерлордун саны көп болгондугуна байланыштуу эл аралык фестивалдарда көрсөтө алышпайт.

Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театрында Аксы окуясынын беш жылдыгына карата “Аксы окуясы же Боспиектеги караан түн” аттуу спектаклдин бет ачаары болду. Анда Үркүн окуясынан баштап ушул күнгө чейинки болуп өткөн окуялар сүрөттөлүп, ошондой эле бир үй-бүлө аркылуу бүткүл Аксы окуясы чагылдырылат.

Пьесанын автору жана режиссеру Жаныш Кулмамбетов бул чыгарманы жарыка чыгарууда Аксы окуясынын тарыхый жана обьективдүү себептерин изилдөөгө туура келди дейт:

-Чыгарманы жазууда ички муктаждык бар. Анткени менин түшүнүгүмдө Аксы окуясынын чыгышынын тарыхый да, обьективдүү да себептери бар. Мына ошону изилдөөдөн улам жаралган пьеса.

Спектаклге карата көрөрмандар тарабынан ар кандай сын пикирлер айтылды. Мисалы кинорежиссер Бакыт Карагулов спектаклдеги бир каарманды Азимбек Бекназаров деп конкреттүү атабай эле, башка эле бир ысым менен атаса болмок деген нааразычылыгын билдирсе, Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков режиссер актерлор менен дагы жакшылап иштеш керек экендигин айтты. Ал эми маданият министри Султан Раев бул спектакль эгемендүү Кыргызстандын тарыхын чагылдырган биринчи чыгарма экендигин белгиледи.

Темирлан Сманбековдун билдиргене караганда спектаклдин коюлушуна өлкө башчысы да кызыкдар болуп, көмөк көрсөткөн. Ошондой эле маданият министрлиги жана Азимбек Бекназаров да каражат бөлгөн.

Узап бара жаткан аптаны жыйынтыктоочу маданий иш-чара бул кыргыз улуттук драма театрында 18-мартта өтүүчү “Талас таңшыйт” аттуу өнөрпоздордун концерти. “Ерлан продюссердик борбору” уюштурган бул кечеге Талас жергесинен чыккан алтымыштан ашуун таланттар катышат. Кечеге ошондой эле Таластын губернатору баштаган бир катар белгилүү инсандар келишип, өнөрпоздорго белектерди тапшырышат.
XS
SM
MD
LG