Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

АКСЫ ОКУЯСЫ САЯСИЙ МАҢЫЗДА КАЛА БЕРЕБИ?


Быйыл 17-мартта Аксы окуясына беш жыл болду.Кыргызстандын кичинекей тоолуу капчыгайынан өз депутатын, өз укугун коргоо үчүн ачык күрөшкө чыккан карапайым калктын уулдарынын окко учуусуна беш жыл толду.Бул каргашалуу окуяга саясатчылар, укук коргоочулар өз көз караштарын байма-бай айтып келет. Бирок жакындарын жоготкондордун, өзгөчө энелердин ушул кезге чейин көкшүнү суубай турат.

Аксы окуясында жакындары окко учкандар жана жарадар болгондордун бир гана талабы бар. Ал 2002-жылы 17 жана 18-мартта элге ок аткандарды, уруп-согуп кыйноого алгандарды, эң башкысы мына ошол трагедияны уюштургандарды же ага жол бергендерди жазалап берүү талабы.

Быйыл беш жылдан кийин Аксыда болгон жыйында да ушул талап айтылды. Ал талап беш жыл мурун уулун жоготкон Камкайым эненин сөзүнөн өзгөчө даана ачык угулду:

- Менин сүйлөштөн да көңүлүм калган. Баламдын айынан барбаган жерим калган жок.Эми Курманбек уулум келиптирсиң, былтыр Боспиекте убада берип, Аксы окуясын акырына чыгарабыз деген элең. Күнү-түнү сүйлөгүчүңөргө кулагымды тосуп, качан бир жыйынтыгы чыгаар экен, качан бир угаар экенмин деп. Жок. Дайыны жок. Сен деле жалганчы окшойсуң. Сен деле Акаевге окшош жалган айтат окшойсуң.

Аксыдагы көпчүлүк карапайым калкта беш жыл мурунку каргашанын жарааттары карттанып баратканы сезилген менен, өлкөдө уланып жаткан саясий күрөштөр, элдин турмушундагы социалдык оор проблемалар, эң башкысы ошол окуяга тиешеси барлардын жазасын албаганы жарааттын толук карттануусуна жол бербей келатат. Социалдык маселе демекчи, Ташкөмүрдөн Кербенге, Кербенден Каражыгач, Карасуу айылдарына барган жолдор Кыргызстандын көпчүлүк жолдорундай эле чукур-чакырга толгон. Президент келерден бир күн мурун ал жолдорду тегиздөө башталды. Эртеси президент Каражыгачтагы митингиден кеткенден кийин, анын артынан алыстан алынып келинген жол оңдоочу техникалар да көрүнбөй калды. Жолдор үзүл-кесил тегизделимиш болуп кала берди.
Ал эми Каражыгач айлындагы Аксы окуясын, президенттин катышуусу менен болгон эскерүү жыйынында Курманбек Бакиев менен Азимбек Бекназаров Аксы окуясы эмне себептен ачылбай келатканын түшүндүрүүгө аракет жасады. Президент мыйзамдык жолдун татаалдыгын, ал илгерки падышалардай кимдир-бирөөлөрдү жазалай албасын белгиледи:

- Эгерде мен мурунку падышалардай болгондо силер атын атап жаткандарды башын алсам болмок. А мен андай адам эмесмин. Мен президентмин. Мамлекеттин президенти конституциянын алкагында иштеш керек. Ошондуктан аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин, тартип коргоо органдарынын өз милдеттери бар. Алар ошону так аткарыш керек.

Ал эми Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп турган алты айда тергөө иштери соңуна чыгып калган эле деп айтты:

- Бул ишти ким уюштурган, кандайча? Булардын баары ошол №47 иште аныкталган. Мына ушул жерде укук коргоочулар отурат, бирок аларга 13-мартка чейин Конгантиев тарабынан 47 иш берилбей келген эле. Мен айткандан кийин өздөрү көрүп, ишеништи. Биз 200дөй адамды сураганбыз.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, соңуна чыгып калган тергөө иштерин сотко ашырууга башкы прокурорлук кызматтан бошотулушу себепкер болуп калды. Ошондуктан азыркы кезде Аксы окуясы боюнча акыйкатты орнотууга саясий эрк гана керек. Бирок, тергөө аягына чыгып калса, анда тергөө кимди күнөөлүү деп тапканын, эмне себептен айтылбай келатканы түшүнүксүз болуп калды.

Айрымдар Аксы окуясын саясатка айлантпоого чакырууда. Бирок күнөөлүүлөр аныкталмайынча бул саясатка айлана берерин Бекназаров эскертти.
Маалым болгондой, Аксы окуясы боюнча башкы прокуратура тергөө ишин кайрадан баштады. Ага жаз менен кошо башталган саясий күрөштүн күч алышы себепкер экени да эч кимге жашыруун эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG