Москвада кийим-кече, буюм-тайым саткан “Черкизов” деген чоң базар бар. Ал жерде негизинен чет өлкөлүк мигранттар иштешет. «Черкизовду» москвалыктардын көбү «азербайжандыктардын базары» деп коюшат. Бирок, бул жерде бир эле азербайжандык эмес, тажикстандык жана кыргызстандык мигранттар да көп.
Ушул жылдын 15-январында мигранттарга тиешелүү жаңы тартиптер ишке киргенден бери укук коргоо органдары документтерди тындырбай текшере беришкендиктен, бул жердеги кыргызстандыктардын көбү Орусиянын жарандыгын алып алышты.
Ош облусунун Каракулжа районунан келген Жумагүл Кубатова да «жаңы орус жарандарынын» бири. Ал азыр ушул “Черкизов” базарында кийим-кече сатып жүрөт. “Орус өкмөтүнүн токтомуна мен башымды оорутпайм», - дейт ал. Анткени Жумагүл орус жарандыгын алып алган экен:
- Москвада менин бир тууган инилерим да соода кылышат. Алар да азыр орус жарандыгын алуу үчүн чуркашууда. Бардык керек документтерди даярдоо мөөнөтү эгерде өзүң жакшылап чуркасаң 1,5 - 2 ай убакытты алат. Андан кийин сен орус паспортун аласыңбы жежокпу 3-4 айдан кийин белгилүү болот.
Бул жерде иштеген кыргызстандыктардын ичинде Орусия жарандыгын алам деген түйшүктө чуркап жүргөндөр чын эле көп экен. Атын атагысы келбеген бир соодагер аял айткандай, мигранттардын көбү быйыл жыл аягына чейин жарандык алып калаарбыз деген үмүттө. Азыр “Черкизов” базарында соода кылган чет-элдиктердин саны азайып кеткен. Мына ушундай эле жагдай өлкөнүн бир топ башка шаарларындагы базарларда да байкалат. Көп жерлерде чет элдиктерди орусиялык соодагерлер менен алмаштыруу ийгилик алып келбей жатканы тууралуу кабарлар бар. Бирок, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысынын орунбасары Вячеслав Поставниндин ишениминде, буга чочулоонун кереги жок.
Азыркы учурда орус жарандыгын ала албай турган чет-өлкөлүк соодагерлер соодасын таштап, жүк жүктөөчү, түшүрүүчү, ашпозчу, официант катары ишке кирип жатышат. Алар соодадагы ишин убактылуу токтотууга мажбур болуп, мыйзамдын өзгөрүшүн күтүп жүргөндөрдөн.
Кыргызстандык соодагерлердин айрымдары бул жакта калган товарын тезирээк сатып, өз мекенине кайтып барууну, жаңы иш баштоону каалашат. Өздөрүнүн айтымында, алар Орусиядагы түрдүү органдарда кездешүүчү бюрократтык машакаттардан тажап бүтүштү. Анын үстүнө Орусияда өмүр бою калууну самагандар деле аз. Мисалы, Ысыккөл облусунан келип, Москвада соода кылып жүргөн Азиза Мукамбетова мындай деген пикирин айтты:
- Базарда иштеп жүрүп күйөөм экөөбүз тапканыбызга Бишкектен үй, квартира сатып алууга жетиштик. Азыр топтогон акчабызга Кыргызстандан бир иш баштайлы деп жатабыз. Дүкөн эле ачабыз го, анткени соода-сатык гана үй-бүлөгө туруктуу пайда алып келип калбадыбы. Биз жолдошум экөөбүз атуулдугубузду да, кылган ишибизди да башкага алмаштырбайбыз. Бул бизге кудум басмырлангандай эле нерсе. Анан калса, Орусиянын суук климаттык шартында кечке эле иштей бермек белек. Биз азыр күйөөм экөөбүз тең 50 жашка чыгып калдык.
Ал эми Оштон келген Майрам да орус атуулдугун алууга шашылбай турганын билдирди:
- Мага Орусиянын жарандыгынын кереги жок. Бул жакта милициянын машакатынан кутулуш үчүн эле Орус жарандыгын алабыз деп тополоң кылып калабыз, бирок өмүр бою бул жерде жашайын деп ниет кылбайбыз. Кандай болбосун, өзүбүздүн жерибизде жакшы.
Жаңы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк мигранттар чекене соода-сатыкта иштөөгө укугу жок, бирок алар дүң соодада иштей алышат. Андыктан чекене соодадан чыгып, товарларды дүңүнөн эле сатып алууга өтсөк деген кыргызстандыктар бар. Дагы бирөөлөрү дүңүнөн алынган товарды сатууга орусиялыктарды жалдап иштетүүнү ойлоп жүрүшкөнүн айтышты. Бирок орусиялыктарды иштеткен учурда, алардын айлык акысын төлөө маселеси машакатка айланышы мүмкүн. Анткени орусиялыктар 20-30 градустук суукта 500-600 доллар айлык акы үчүн иштешпейт. Ошол эле учурда аларга чоң суммадагы айлык маянаны төлөп берүүгө чет элдик мигранттардын шаасы жетпейт. Мына ушундай көйгөйлөргө карабай, чет элдик айрым мигранттар убактылуу орусиялыктарды эле сатуучу кылып жалдап алууга мажбур болушууда.
Базарларда арзан жумуш күчүн камсыздап турган чет элдиктер калбай калышса базарларда кымбатчылык болуп кетиши мүмкүн экенин Федералдык миграциялык кызматы деле билет. Жакында бул кызматтын башчысынын орун басары Вячеслав Поставнин бул тууралуу мындай деген:
- Эгерде баалар өсүп кетсе, кандайдыр бир кескин чараларды көрөбүз. Биз чет өлкөлүктөрдү сөзсүз эле базарлардан кетириш керек деп, көгөрүп туруп алган жокпуз.
Биз менен маектешкен кыргызстандык эмгек мигранттарынын көпчүлүгү кантип болбосун Орусияда калып калууга аракет кыла тургандыктарын билдиришти. Ал эми мекенине кайтам дегендери - көптөн бери иштегендер. Алар бутуна туруп, Кыргызстандан там-жай сатып алып, анан ал жерде ишин улантууга мүмкүнчүлүгү бар адамдар. Бирок алар анчалык көп эмес.