Өлкөнүн чыгышындагы Нуристан провинциясында талиб согушкерлери НАТОнун аскери базасына жүк тартып баражаткан айдоочуларга кол салышты. Окуя болгон жерден келген кабарларга караганда, согушкерлер кеминде үч айдоочунун кулак-мурдун кесишкен. Жүк тарткан бир нече автоунаа жок кылынган. Ушуга окшогон кол салуулар буга чейин да орун алып жүргөн эле.