Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

КАЗАКСТАНДЫН ЛИДЕРИ МАСКӨӨГӨ ЭКИ КҮНДҮК ЫРАСМИЙ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ


Кечээ, жекшемби күнү Орусиянын баш калаасы Москвага эки күндүк ырасмий иш сапары менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. ИНТЕРФАКС жазганга караганда Астаналык жогорку даражалуу конок Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен келген. Башчылар жолугушуу маалында эки өлкө алакасындагы кыйла маселелерди талкууга алыша тургандыгы маалым болууда.

Азыркы тушта Казакстан менен Орусиянын кызматташтыгы – мурдагы СССР урагандан кийин пайда болушкан өлкөлөр ичинен эң алдыдагысы дешет. Бир эле кеткен жылы эки президент он жолудан ашуун жолугушкан. Биргелешкен коопсуздук боюнча келишимге кирген уюм жана Евразиялык экономикалык уюмдар алкагында Москва менен Астана активдүү өз ара аракет жасашууда.

Кремлдин маалымдоо кызматы 16-мартта Владимир Путиндин чакыруусу менен Нурсултан Назарбаев келе жатканын жарыя кылган. Баса, орусиялык лидер бул күндөрү Орусия-Греция-Болгария өкүмөттөр аралык Бургас-Александрополис мунай куур жаткыруу боюнча түзүлгөн келишимге кол коюшууга катышып кайтты.

Дароо эле андан соң, 16-мартта, Астанада Орусия өкүмөтүнүн төрагасына орун басар Сергей Нарышкин менен Казакстандан өкүмөт башчысы Карим Масимов жолугушканда Каспий куур концорциумун кеңейтүү кеби козголду. Анализчилер чөйрөсү мындай демилгени Маскөө бекер жеринен көтөрүп атпайт дешет.

Орусия тышкы саясатын мунай зат жана газ менен кысым көргөзүп жүргүзө баштагандан тартып колунан чыгарып ийген Украина, Грузия ал тургай Беларус жумурияттарынан кийин, абайлап иш кылганга өттү дешет. Кыйырындагы эң чукул кошунасы Казакстандын каш кабагы Кремл бийлиги үчүн өтө маанилүү болушу ушундан дешет. Баарыдан мурда Борбор Азиядагы бараандуу Казакстан энегиялык кубатын алуучу отунду батышка алып чыгарып сатууда акыры атаандашы болуп алышы ыктымал дешет.

Бир эле экономикалык жактан эмес саясий демилгечи болуп кошуна мамлекеттерди артынан ээрчитип кетүүгө да чамасы келет деп илимпоз эксперт Артем Улунян айтат:

- Бул аймакта Казакстан башкаларды ээрчитип кеткидей өлкө болуп кетпесин, анан акыры барып, Маскөөнүн атаандашы болуп кетпесин деп орусиялык бийлик чочулай баштады.

Ошондуктан мындай жагдай Астана менен кандай болгондо да жылуу мамиледе болууга мажбурлайт деп айтат анализчи.

Ошол эле учурда Астана бир эле борборазиялык өлкөлөргө таасирин жайылтпай ири мамлекеттер алдында да кыйла дымактуу саясат жүргүзүп атканын белгилешет. Былтыр сентябрдын аягында Кошмо Штаттар президенти Жорж Буш менен жолуккада, Нурсултан Назарбаевдин өз өлкөсүнүн өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттер катарына кошулуу мүдөөсүн жарыялашы Кремлдин кулагынын сыртында калган эмес дешет.

Алдыңкы күнү орусиялык саясий төбөлдөрдүн бири Игорь Иванов журналисттер алдына чыгып, мурдагы советтер кеңдигиндеги өлкөлөр алкагында Евразиялык экономикалык уюм менен Биргелеш коопсуздук келишими келечектүү экендигин, алардын көч баштачулары деп Орусия менен Казакстан турарын айткан.

XS
SM
MD
LG