1994-жылдан тарта башталган 13 жылдык талаш биртоп маселелердин башын чын эле ачып берет окшоп калды. Эң ири завод жарыбаган баага, жашыруун дегидей жагдайда сатылып отурса, анын “артында кимдер турду экен”, деген күдүк суроо ар бир адамдын башында турары дайын го.
Ташкөмүр шаарындагы эң ири ишкана 1993-жылы ишке киришкен. А кезде Жалалабад облус кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган Тойгонбек Калматовдун айтуусунда, эгер таасирдүү бирөөлөр ишкананын толук иштеп кетишине тоскоол болбогондо ал бюджетке чоң киреше алып келмек.
- Көп жетекчилердин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кетип калганы абдан өкүнүчтүү болду. Бул заводдун бүгүнкү күндөгү ахывалга келишине субъективдүү, объективдүү негиздер бар. Бирок ошолордун эң жаманы - бул заводду иштетпей, каражат бөлүп көмөк көрсөтүштүн ордуна бут тосуп, банкротко алып барып сатып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын чечүү аракети бар болчу.
Завод өкмөттүн өткөн жылдын 13-июлунда чыккан токтомунун негизинде 5 миллион доллардан кем эмес баага сатылышы керек эле. Эмнеликтен анын акциялары ушул жылдын 5-мартында 65 миллион сомго сатылып кетишинин чоо-жайы деле жөнөкөй. “Кристаллдын” акциялары башында 1360 сомго гана бааланган. Каржылык көзөмөл жана отчеттуулук агенттигинин жетекчиси Юруслан Тойчубековдун айтуусунда, акциялардын баасы өткөн жылы 62 миллион сомго кайрадан бааланган. Сот аткаруучулар ошол бааны сатыкка коюшкан.
Ю.Тойчубеков сатыкта утуп чыккан “Ester Holdings” корпорациясы кыргыз өкмөтүн сотко бергенин, ага каршы доо-арыз менен өкмөт да сотко кайрылып жатканын маалымдады.
- Утуп алган “Ester Holding” сотко бериптир. Төртүнчү күнү ал президент, парламент, өкмөт, мамлекеттик комиссияны, иши кылып 9 уюмду сотко бериптир. “Биз тендерге катышканбыз, баарыңар айыптуусуңар” дептир. 14-мартта ушул маселе каралгандан кийин мамлекеттик комиссиянын буйругу менен биз аларды 15-мартта сотко бердик.
Д.Үсөнов мамлекеттик комиссия “Кристалл” акционердик коомунун азыркыдай абалга жетишине кимдер себепкер болгондордун тизмесин ачыкка чыгарбаганын, антишти айрым комиссия мүчөлөрү сунуш кылганын маалымдады.
- Мен ошол тизмени түзгөнүм жок. Себеп? Алар кимдер экенин баарыңар билесиңер. Анда, келгиле, түзөлү. А.Жумагулов, А.Муралиев, Э.Өмүралиев, акыркы эки жыл министр болгон ошол эле А.Атамбаев менен М.Керимкуловду кошолу. Эмне үчүн жасаганым жок. Эми кагазды көбөйтүп, дагы бир тизме түзсөк андан эмне!
Каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандагы эң ири ишкананы сызга отургузуп, аны жарыбаган баага сатып алууга кимдер кызыкдар экени ачылбай калды деген пикирде.
- Мындагынын баарын жакшылап талдап чыгыш керек. Завод кантип ошол компанияга түшүп калды, анын бааларын да караш керек го. Бирөө заказ кылган, акчасын төлөдү. Биздеги эң чоң объект болсо, парламент менен чогуу чече турган ишкана болсо, ал тууралуу маалыматтар, анын карыздары кантип Алматыдагы кишилерге дайын болуп калды?
“Кристалл” акционердик коомунун айланасындагы талашка азырынча чекит коюла элек. Узакка созулчу соттук териштирүүлөрдөн өкмөт утуп чыгабы же заводду жарыбаган баага сатып алган “Ester Holding” корпорациясынын мөрөйү үстөм болобу, бул да белгисиз.